Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

"Центерра” Кумтөрдөн чыгып кетүү шарттарын жарыялады

0

Канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc.) компаниясы Кумтөр кенин Кыргызстанга биротоло өткөрүп берүү шарттарын атады. Анын ичинде Бишкек өз акцияларынан, экологиялык доолорунан жана башка нерселеринен баш тартуусу керектиги айтылды.

Кыргыз бийлиги мунун алдында "Центерра” менен болгон келишимди талкуулап бүткөнү калганын маалымдаган. Кеп болуп жаткан шарттар коомчулукта түрдүүчө талданууда.

"Центерра Голд" койгон шарттар

"Центерра Голд" 3-январда өз сайтына жарыялаган расмий билдирүүсүндө Кыргызстандын өкмөтү былтыртан бери көзөмөлдөп турган алтын кен боюнча талашты чечүү үчүн сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жатканын маалымдайт.

Компания анда “кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткандай”, Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүп берүү ыктымалдуулугу бар экенин ырастап, сүйлөшүүдө “кандай гана чечим кабыл алынбасын ал төмөнкү негизги шарттар аткарылганда гана ишке ашарын” маалымдайт. Натыйжада, беш талап келтирилет. Алар:

"Центерра Голд” компаниясындагы “Кыргызалтын” ишканасы ээлик кылган (Кыргыз Республикасынын атынан) 26,1% акцияны “Центерра” алат. Өткөрүп алгандан кийин "Центерра" компаниясы акцияны жокко чыгарат.

Кыргызстан “Центерранын” өлкөдөгү эки туунду ишканасы жана Кумтөр кени үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

“Центерра” 2021-жылы кенди камакка алуудан улам “Кыргызалтын” ишканасы албай калган дивиденддин үч суммасына тең келген акча каражатын жана башка каржылык чыгымдарды төлөп берет.

“Кыргызалтындын” эки талапкери "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешинин курамынан толук кетет.

Эки тарап тең бардык юрисдикциялардагы соттук талаштардан жана өз ара доолорунан жоопкерчиликти артпаган абалда толук жана биротоло баш тартуусу керек.

“Центерра” мына ушул шарттар аткарылбаса, анда сүйлөшүүлөр толук жыйынтыкталып, чекит коюлушуна кепилдик жоктугун белгилейт. Эгер чечим кабыл алынса, ал бардык юридикалык жана нормативдик талаптарды аткаруу менен ишке ашышы керектигин кошумчалайт.

Канадалык компания бул билдирмесин Кыргызстандын бийлигинин маалыматынан кийин таратып жатат. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенине барган учурда "Центерра Голд" компаниясы менен “сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендигин” айткан болчу.

Жапаровдун администрациясы кабарлагандай, кенге болгон иш сапардын жүрүшүндө “тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр Голд Компани” ишканасын толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы” белгиленген. Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.

"Кумтөр" өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү",-деп келтирилет Садыр Жапаровдун сөзү президенттин сайтында.

Мамлекет башчы андан мурдараак Министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктоочу жыйынында да Кумтөр темасына кайрылып, сүйлөшүү тынчтык жолу менен аяктабаса, канадалык компанияга “экология жана коррупция боюнча доо коюларын, күрөш уланарын” айткан эле.

Акыркы билдирүүлөрүндө “Центерра” да маселени мунаса жолу менен чечүүгө даярдыгын, бирок жагдай компенсациянын көлөмүнө жараша болорун билдирип жаткан. Компаниянын президенти Скотт Перри компаниянын ноябрь айындагы аудио конференциясында "сиздер кенди кайра артка алууну каалайсыздарбы, же акчалай жол менен чечүүнү каалайсыздарбы?" деген суроого мындай жооп берген эле.

“Биз өз укугубузду, кендин баасын жана акционерлердин кызыкчылыгын коргоо багытында колдон келген аракетти көрүп жатабыз. Бирок сиздин сурооңуздун контекстинен алганда, кыргыз тарап таштаган айрым кадамдардан кийин мурдагы кенге ээлик кылган жана аны иштетип турган позицияга кантип кайтса болоорун элестетүү кыйын. Биздеги айрым акционерлердин арасында кенден чыгып кетүү сыяктуу жолдор менен алдыга жылууну сунуштагандар бар”,-деген Перри 4-ноябрда.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн. “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

Бирок тараптар талашты тынчтык жолу менен да чечүүгө аракет кылышууда. Ага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 28-30-сентябрда Швейцариянын Женева шаарында өтсө, экинчи раунду 23-декабрда видеоконференция форматында өткөн.

“Мындай келишимден Кыргызстан утулат”

"Центерра" коюп жаткан талаптардын айрымдары буга чейин эле ачыкка чыккан. Тагыраагы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр октябрда “Азаттыкка” курган маегинде, “канадалык компания Кыргызстандын акциясын толук сурап жатканын, бирок кыргыз тарап ага макул болбой жатканын” айткан эле.

Кыргызстандын бийлиги коюлган беш шарттын канчасына макул болгонун, тескерисинче өзү кандай шарттарды койгонун тууралуу так маалымат бере элек. Ошол себептүү өзүбүз анын ар бир пунктуна ылайык карап көрөлү.

Биринчи талабын алсак, Кыргызстандын “Центерра Голддогу” 26% акциясынын саны 77 млн. 401 миң 766. Бул акциянын баасы алтын кымбаттаган учурларда 1 млрд. доллардан ашса, айрым учурларда 500 млн. долларга чейин түшүп кетчү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков акциялардан баш тартууга болбойт деген пикирде.

“Бул акциялардын наркы азыр 700 млн. доллардын тегерегинде бааланууда. Эми ушунун баары өтүп кеткени жатат. Мен так ушул акциялар “омийин” болуп кетет го деп ойлоп аттым эле, ошондой болуп калды. Экинчиден, Кумтөрдүн эсебинен сатылып алынган кендер бар. Монголияда, Тывада, Түркияда, анан мына Канадада кендерде алтын казып жатат. Аларды өтө кымбат баага алышкан. Биз акциялардан баш тартсак, бир эле андан эмес ушул кендерден да кур калабыз. Үчүнчүдөн, Кумтөрдүн эсебинен чогулган Лондондогу рекультивациялык фонддун тагдыры эмне болот? Ар бир алтын сатылган сайын ага пайызы кетип турчу, ал сумма кийин калыбына келтирүү иштерине жумшалышы керек эле. Төртүнчүдөн, азыр Кумтөрдө иштеп жаткан техникаларга кендин эсебинен тетиктер сатылып алынган. Анын жарым келген, калганы келе элек болчу. Азыр бузулуп калгандарын бири-бирине салып, оңдоп иштеп атышат, ошол калган тетиктер келеби, жокпу, аны да такташ керек. Лондондогу биржа биздеги алтынды сатып алууну чектеп коюп койгон эмеспи. Демек, ал ошончо боюнча кала бербейби деген маселе бар”.

Экинчи шартта көрсөтүлгөн “Центерранын” туунду компаниялары бул ошол эле “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканалары. Муну Кыргызстан ансыз да колуна алган.

Үчүнчү шарттагы маселе да аз-маз түкшүмөлдөрдү жаратат. Анткени келишимдердеги алешемдиктерден улам Кыргызстан ансыз деле аз эле дивиденд алчу. Акыркы жылдардын эсеби жок, бирок 2016-2020-жылдар үчүн болгону 2,2 млн. доллар дивиденд алганы маалым. Эгер үч жылдын суммасына тең каражатты деле алсак, мына ушунун тегерегиндеги сан чыгышы мүмкүн. Эгер ал сумма 2 млн. доллар болсо 200 млн. сомдой, 5 млн. доллар болсо 400 млн. сомдой акча түшөт.

“Центеррада” Директорлор кеңешинде азыр 11 мүчө болсо, ошонун үчөө Кыргызстандын атынан шайланчу. Мында эгер Бишкек компаниядагы акцияларынан айрылса, автоматтык түрдө өз кишилерин сунуштай албай калары түшүнүктүү. Бирок эгер төртүнчү шартта айтылгандай, эки мүчөлүк орундан баш тартса, бир орун не болору так эмес болуп турат.

Эң талаштуу маселе бешинчи шартта. Мында биринчиден, азыркы эл аралык соттордогу арыздарын эки тарап тең чакыртып алат. Тараптар бири-бирине койгон доолорунун баарынан баш тартып жатат.

Азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылган мамлекеттик комиссия былтыр жазда "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.

Андан сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту канадалык компанияны Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Соңку шартка макул болсо Кыргызстан иш жүзүндө мына ушундан бир тыйын да өндүрө албай калат.

“Экология боюнча өтө чоң доомат коюлган. Демек, биз ошол миллиарддаган акчадан баш тартып жатабызбы? Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановалар бүт далилибиз бар деп келатып эле, аягында жөн эле утулгандай болуп калып жатабызбы дейм да. Анда болжол менен эле миллиарддарды эсептебей, конкреттүү сандарды койсок болмок. Экология боюнча чоң маселе бар экени чын да. Эки чоң мөңгүдөн айрылдык, таштандыларды баш аламан көмгөнү, калдык сактоочу жайлардагы баш алмандык, ушулардын баары бар. Канча авария болду. 1998-жылы цианид төгүлгөндөн башка, селитра куюлганы, тик учак кулаганы жана башка нерселер бар. Биз эми баарын алып кетип, жөн гана аңгек менен эле калып атпайбызбы. Мен деле тынчтык жол менен чечүүгө кызыкдармын, бирок Кыргызстандын пайдасына чечилсе, макул элем. Ушул шарт менен макул болсок, Кыргызстан утулган болуп саналат. Баарын алып атабыз дешкени менен “баатырдыкты” аягына чейин жасап салышса болмок”,-деди саясатчы Кубанычбек Исабеков.

Адистердин бир тобу эл аралык соттошуудан Кыргызстан утулуп калышы мүмкүндүгүн белгилешип, ошондон улам да “Центерранын” “ыңгайсыз шартына” көнүп жатат деген жүйөлөрдү келтирип жүрүшөт. Бирок ошол эле маалда экинчи тарабы Кумтөр боюнча кылмыш иштеринде аныкталган фактыларды жана экологиялык зыяндарды эл аралык соттордо далил катары келтирсе, Бишкек утуп чыкмак деген да ойлорду айтышат.

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков мындайча ой бөлүштү:

“Биз экологиялык чыгымдарды миллиарддап коюп жатканыбыз менен ал компания эл аралык сотто кайра эле ошол биздин тиешелүү органдардын аларга берген уруксат кагаздары жана башка чечимдерди көрсөтмөк. Аны сот кандай кабыл алмак, кантип чечим чыгарары белгисиз болчу. Анан аны “Центерра” төлөп бере беле? Эгер сот “жок, Кыргызстан өзү уруксат берген” деп чечим чыгарып койсо эмне болмок? Бул да чоң маселе. Ошого байланыштуу сүйлөшүү жолу менен чыгыш керектигин мурда эле айтканбыз. Алар “бизге компенсация төлөп бергиле”, “акцияңардан баш тарткыла”, “башка өлкөлөрдөгү долбоорлордон баш тартасыңар” деген талаптарды коёрун да алдын ала айтканбыз. Мындан башка маселе Кумтөрдү Кыргызстан өзүнө биротоло алгандан кийин иштете алабызбы, жокпу, деген да өзүнчө маселе бар”.

"Центерра Голд" компаниясы мурдараак жарыялаган билдирүүсүндө Кумтөр кени Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин билдирген. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн, бирок ушу кезге чейин канча алтын өндүрүлгөнүн, канча киреше тапканын так кабарлай элек.





Губернаторы России
Москва

В школах Москвы прозвучали последние звонки — Собянин





Москва

Эксперт по семейному капиталу Светлана Петрова: «Мой путь предпринимателя был прямой, как стрела»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы расширил финансовую поддержку бизнес-ангелов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Дженнифер Лопес

Дженнифер Лопес без Бена на премьере фильма в платье с глубоким вырезом




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

Последний тур «шального» сезона. Сегодня «Оренбург» на своем поле сыграет с ФК «Спартак» (Москва)

Новгородские студенты стали призёрами олимпиады по анатомии в Петербурге


Камилла Рахимова

Рахимова вышла в полуфинал турнира в Рабате



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Собянин поздравил выпускников московских школ с праздником последнего звонка



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России