Жаңы-Өзөндөгү нааразылык: саясий талаптар жаңырууда
Казакстандын Мангыстау облусундагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында демонстранттар түнү дагы аянттан тараган жок. Актауда митингчилер чатырларды жана боз үй тигип, аянтта жүздөгөн адамдар жүрдү. Акцияга коңшулаш облустардын, анын ичинде Актөбө, Орал, Чымкент шаарларынын тургундары да келгени кабарланды.
Жергиликтүү активисттердин айтымында, Жаңы-Өзөн шаарында шейшемби күнү эртең менен аянтка эки миңдей демонстрант чогулду. Митингчилер суюлтулган газдын баасын литрин 50 теңгеге чейин арзандатуу, келечекте газ тартыштыгын болтурбоо үчүн кепилдик берүүнү, ошондой эле шаар жана облус акимдерин - Максат Ибагаров менен Нурлан Ногаевди кызматтан алууну талап кылууда.
Актаунун тургуну Есберды Асауов 3-январда Жаңы-Өзөн шаарында чогулгандарга облус жетекчиси Нурлан Ногаев келгенин “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, аянтка алты миңдей киши топтолду. Арасында аялдар жана балдарын ээрчите келгендер болгон.
Шаар акимчилигинин алдындагы Ынтымак аянтына чогулган митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышты.
Суюлтулган газдын баасын төмөндөтүү үчүн чыккандар эми саясий талаптарды дагы коюп жатат. Асауовдун айтымында, митингчилер резолюция кабыл алышты. Анда коррупцияны жоюу, фабрикаларды жана заводдорду курууну, жумушсуздукту кыскартуу талаптары камтылган.
Социалдык тармактарга тараган видеодо Актауда чогулган жүздөгөн кишилер “Чал, кет!" (“Старик, уходи!”) кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Алар өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетишин талап кылган.
Актау тургуну Есберды Асауов митингчилер “Чалдар кетсин!” (“Старики, уходите!”) деп кыйкырып турушканын айтып берди. Полиция митингчилердин от жагып, ысык тамак даярдашына мүмкүнчүлүк берген эмес.
Бүгүн эртең менен Ынтымак аянтын полиция курчоого алган. Аянтка кирип чыгууга бөгөт коюлду.
“Каршылык акциясына чогулгандардын көбү жаштар. Бир нече жолу мастарга шылтап, бизге чагым уюштурганга аракет кылышты. Бирок, биз ага жол бербейбиз”,-дейт Есберды Асауов.
Митингге катышкандардын бири Амин Елеусинов түнү бою Актау шаарындагы аянтта болгонун айтып, алар “системанын бардык кишилеринин” отставкасын талап кылып жатышканын билдирди.
4-январда Актауга вице-премьер-министр Ералы Тугжанов баштаган комиссия келери белгилүү болду. Түштөн кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Твиттер" баракчасына Актауда өкмөттүк комиссия “иштей баштаганын” айтып, демонстранттар “жоопкерчиликти жана диалогго даярдыгын көрсөтүшү керек” деп жазды.
Активисттердин айтымында, Актау шаарындагы аянтта мобилдик интернет иштебей калды. Социалдык тармактарда буга чейин Актауга коңшу облустардан аскер кызматкерлери менен эки учак жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат тараган. Актаудагы митингчилер жергиликтүү коопсуздук кызматкерлерин көрүшкөнүн айтышты.
Актаудагы митингге 13 чакырым алыстыктагы Мангышлак станциясынан (Мунайлы району) жөө келгендер көп. Башка облустардын шаарларынан, анын ичинде Чымкент, Орал шаарларынан келгендер бар деп айтылууда.
Өткөн түнү Мангистау облусунун административдик борбору Актау шаарында демонстранттарды полициянын курчоого алып турду. Адегенде, акциянын катышуучулары акимчиликке жанаша жайгашкан борбордук көчөлөрдүн бирин тосуп, көп өтпөй полиция аларды кайра аянтка сүрүп салган.
Дүйшөмбү күнү Каракыян районунун Жетибай айылынын тургундары бул айылды аралап өткөн, Жаңы-Өзөн менен Актау шаарларын бириктирген жолду бөгөп алышты. Ошондой эле дүйшөмбү күнү жаңыөзөндүктөрдү колдогон адамдар Курык айылынан (Каракыя районунун административдик борбору) чыга беришин жана ага кире беришин жаап салганы кабарланган. Натыйжада, Курык портунан коңшу облустарга жана башка өлкөлөргө барууга тийиш болгон жүк ташуучу машинелер чыга албай калган.
Мангыстаулуктар көгүлтүр оттун баасын арзандатуу талабы менен биринчи жолу чогулуп жаткан жок. 2020-жылы январда Жаңы-Өзөндө суюлтулган газдын баасы 55 теңгеден 65 теңгеге көтөрүлүп, шаардык акимчиликтин алдына чогулган тургундар газдын баасын 55 теңгеге арзандатууну талап кылышкан.
Жаңы-Өзөндө суюлтулган газды чыгарган жападан-жалгыз газ иштетүүчү завод бар. Мындан он жыл мурун да облуста эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган мунайчылардын жети айга созулган иш таштоосун полиция 16-декабрда тараткан. Анда расмий маалыматтар боюнча 17 адам каза болгон. Жаңы-Өзөндө андан бери газдын баасы бир нече эсе кымбаттаган.
Митингчилер Самара - Чымкент жолун тосууга аракет кылды
Батыш-Казакстан облусунун Орол шаарында жүздөгөн кишилер экинчи күн катарынан нааразылык акциясына чогулду. Түшкө жуук шаардагы “Дина” дүкөнүнүн алдына кишилер чогула баштаган. Бул гипермаркет шаардын чет жакасында, Самара - Чымкент эл аралык автожолуна жакын жайгашкан. Митинг өтүп жаткан жерге көп сандагы полиция кызматкерлери тартылды. Мобилдик интернет иштебей калганы айтылууда.
“Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, митинчилердин лидерлери деле жок, талаптары дагы башаламан. Алар Жаңы-Өзөндөгү акцияларга колдоо иретинде топтолушканын айтышты. Ошондой эле баалардын өсүшү Казакстандын бардык аймагына мүнөздүү көрүнүш экенин белгилешкен.
Акцияда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатуу (Жаңы жылдан 110 теңгеге көтөрүлдү), баалардын өсүшүн токтотуу жана жогорку бийликти “элдин көйгөйүн чече албаса, кызматтан кетирүү” талаптары коюлуп жатат. Митинг өтүп жаткан жерге Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Бакытжан Нарымбетов келди.
Митингчилер эл аралык трассаны бөгөп салууга аракет кылышты. Бирок, күч түзүмдөрү алардын алдын тосуп, жолго өткөргөн жок. Ошондон кийин алар жөө шаарды көздөй бет алды. Алар шаардын борбордук бөлүгүнө чейин алты чакырымдай жолду басып өтөт.
“Алар жолду бойлоп тизилип баратышат. Бирок, ары-бери өткөн автоунааларга тоскоолдуктар жаралды. Анткени жакында жааган кардан кийин тротуарлар жана жолдун жээги тазаланбай калган”, - деп билдирди “Азаттыктын”кабарчысы.
Митингге чыккандардын саны 500гө жеткени айтылды.