Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Bellingcat Казакстандагы аба каттамдарды көзөмөлдөөчү маалымат  топтомун чыгарды

0
Bellingcat Казакстандагы аба каттамдарды көзөмөлдөөчү маалымат  топтомун чыгарды

Ачык далилдерди текшерип, иликтөө жасаган Bellingcat интернет сайты Казакстандан учуп, ага кирип жаткан, Бишкектин айланасындагы аба каттамдарды иликтеген маалыматтык топтом чыгарууда.

Аны иштеп чыккандар дүйнөлүк FlightRadar24 порталындагы маалыматтарга таянып, 3-январдан бери Казакстанга байланыштуу бизнес учактардын, жарандык каттамдар менен жүк ташыган рейстердин жадыбалын  чыгарганын жарыялашты.

“Жогорку кызматтагы адамдар, жүк каттамдары, ал тургай кагылышуу болуп жаткан аймакка кирген аскердик учактарды көзөмөлдөп туруу менен абалга байланыштуу маанилүү маалымат алууга мүмкүн”, - деп жазган Bellingcat порталы.

Казакстандагы акыркы окуялардан улам экс-президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсү кайда экени тууралуу ар түрдүү аңыздар тараган. Иликтөөчү сайттын кызматкерлери өздөрү түзгөн топтомдогу маалыматтарга таянуу менен “алар өлкөдөн чыгып кеткен болушу мүмкүн” деп божомолдоодо.

Bellingcat тобуна кирген иликтөөчүлөр бир нече күндүн ичинде төмөндөгүдөй маалыматты топтогон:

4-январда Алматы шаарынан Женевага багыт алган Bombardier Challenger 604 учагы радарга түшкөн. Мурдагы маалыматтарга ылайык бул учак Европа, Орусия, Малдив аралдары жана Дубайга Нур-Султан - Алматы аркылуу каттоочу.

5-январда Bombardier Global 6000 учагы эч кандай каттоо номурсуз  Алматыдан чыгып, Лондондун четиндеги менчик учактар коно турган Фарнборо аэропортуна барган.

6-январда каттоо номуру жок Bombardier Global 6000 учагы Фарнборо аэропортуна кайра багыт алганы жазылган, бирок ал учак 5-январдагы учакпы же башкабы белгисиз.

6-январда Орусиянын Ульянов шаарынан Ил-76МД транспорттук учагы өчүрүлгөн транспондерлору (аба радарында кайда бара жатканы тууралуу маалыматты көрсөткөн атайын чип) менен учуп чыгып, 25 мүнөттөн кийин Казакстандын чек арасында радардан жоголуп кеткен. Кийинчерээк бул учактын Алматыдан Ульянов калаасына учуп бара жатканы катталган.

Иликтөөчүлөр маалымат топтому улам жаңыланып жатканын билдирди.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. 8-январда шаарлардын көбүндө митингдер аяктаганы кабарланды.

Соңку бир нече күндөн бери Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери кирди. Кагылышуулар маалында өлкөдө интернет өчүрүлгөндүктөн, маалымат таңкыстыгы келип чыккан.

Бийликтин маалыматына караганда, Улуттук Гвардиянын 18 аскери каза болуп, 700дөн көп киши жаракат алды. Ички иштер министрлиги ошондой эле 26 куралдуу адам өлтүрүлгөнүн билдирип жатат. Айрым байкоочулар билдиргендей, бийлик жайкын тургундардын арасында каза болгондордун санын жашырып жатат. Казакстанда жалпы беш миңден ашуун адам кармалганы расмий маалымдалды.

Токаев 10-январды улуттук аза күнү деп жарыялады. (BCh)





Губернаторы России
Москва

Собянин: Благоустройство улицы Бутлерова в ЮЗАО завершено





Москва

Новые электрические зубные щетки Revyline RL 075 Peach Fuzz появились в филиале бренда в Москве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Уникальные сервисы в центре "Профессии будущего" упрощают поиск работы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Валерий Гергиев

Гергиев рассказал о концерте в честь Дня славянской письменности и культуры




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Завершилась сап-экскурсия на фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

«Адвокат Валиевой: ей подсыпали допинг и сделал дедушка». Серьёзное расследование.

В Подмосковье прошли соревнования Кубка Kramar Motorsport по автокроссу


Янник Синнер

Янник Синнер: «Нужно наслаждаться давлением, потому что мы не врачи, которые оперируют людей»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Новые электрические зубные щетки Revyline RL 075 Peach Fuzz появились в филиале бренда в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России