Оралда 360тан көп адам кармалды, куралдуу блокпосттор коюлду
Казакстандын Актөбө-Орал (Уральск) шаарынын айланасына беш блокпост коюлду. Батыш Казакстан полиция департаменти бул посттор кирип-чыккандарды көзөмөлдөө үчүн коюлганын кабарлады. Күч түзүмдөрү ары-бери өткөн бардык машине, адамдарды тыкыр текшерип жатат.
Полициянын маалыматына караганда, 8-январда таңкы саат 05:20 чамасында Актөбө-Орал шаарынан 15 чакырым алыстагы Подстенное айылынан өтүп бара жаткан машине текшерилип, ичинен граната, 12-калибрдеги ок, планшет, телефон жана смарт-саат табылган. 5-январдан бери бул шаарда 363 киши кармалып, алардын 27си полиция тилкесинде, экөө 20 суткага камалды.
Казак күч түзүмдөрү 9-январга карата алты миңдей адам кармалганын билдирди.