Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Коронавирус: 14 миллион калктуу Тяньцзиндеги жапырт анализ

0
Коронавирус: 14 миллион калктуу Тяньцзиндеги жапырт анализ

Кытайдын Тяньцзинь шаарынын 14 миллион калкы жапырт коронавируска тесттен өткөрүлүүдө. Шаарда омикрон варианты жайылганы тууралуу маалыматтар түшкөндөн кийин бийлик санитардык көзөмөлдү күчөттү.

Вирустун андан ары тарашын алдын алуу үчүн COVID-19га анализи таза тургундар гана Тяньцзинь портунан чыга алышат деген эреже киргизилди. Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 10-январда билдиргендей, шаарда омикрондун 21 учуру катталды. Алардын бардыгы илдетти калаа ичинен жугузуп алгандар. Бийлик өкүлдөрү бул сан мындан ары өсүшү мүмкүн дейт.

Башкалаа Бээжинден 115 километр алыстыкта жайгашкан порттон эл ары-бери көп каттайт.

4-февралда башталып жаткан кышкы Олимпиада алдында Кытайды бийлиги COVID-19дун жайылышын ооздуктоо максатын койгон. Бул үчүн чек араларды жабуу, бүтүндөй шаарларды карантинге алуу, жапырт тест тапшыртуу жана башка чаралар көрүлүүдө. Буга чейинки дыккат аракеттер эпидемиянын жайылышын алдын алууда өз жемишин берип келди.

Дүйнөнүн башка жерлеринде ондогон өлкөлөр коронавирустун омикрон варианты тез тарап, инфекциялангандар улам көбөйүп жатканын маалымдашууда.

Адистер жаңы штамм анча оор кесепеттерге алып келбегени менен, мурункуга караганда ылдам тараганын белгилешет. Кытай калкыныны 86% толук эмделгени менен Sinopharm жана Sinovac вакциналары омикронго каршы анча эффективдүү эмес.

Австралия пандемия башталганда катаң чараларды көргөн эле, бирок азыр вирусту жугузуп алгандап рекорддук көрсөткүчтөргө жетүүдө. Дүйшөмбү күнү COVID-19га чалдыккандар бир миллион кишиден ашты. Жаңы учурлардын жарымы өткөн аптада катталды.

Ошол эле маалда 16 жаштан жогорку курактагы австралиялыктардын 92% вакцинанын 2 же 3 дозасын алган. Бирок бул штаммдан көз жумгандар кыйла азырак.

Ал тапта дүйнөнүн биринчи ракеткасы, сербиялык теннисчи Новак Жокович Мелбурндагы сотто утуп алды. Австралия бийлиги аны "эмдөө сертификаты жок" деп депортацияланышын буйруган. Сот спортчунун визасына байланышкан өмөттүн чечимин жокко чыгарды. Ага тиешелүү карантиндик чаралар алынып, Жоковичке мейманканадан чыгууга уруксат берилүүгө тийиш.

Мексикада бир суткада жаңы инфекция жуктурган 30 миңден көп киши катталып, мектептер жабылды. COVID-19га байланышкан өлүм житим киши башына алганда эң жогору болгон Перуда вирусту жугузуп алгандар күн санап өсүүдө.

Израилдин премьер-министри Нафтали Беннетт азыркы толкун учурунда калктын 40 пайызы илдетке кабылышы ыктымал деп билдирди. Бул өлкө вакцинация жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат.

"Министрлер кабинетинин жыйынында айтылган статистикалык малымат көргөзгөндөй, 2-4 миллион жаран инфекцияга жуктурушу мүмкүн”, - деп жазды премьер 9-январда “Твиттерге”.

Кыргызстандын президентинин администрациясында иштегендердин арасында коронавирус жуктургандар катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттөгү булактар кабарлады.

10-январда Президенттин иш башкармалыгы, УКМКнын мамлекеттик күзөт кызматы, президенттик аппараттын 602 кызматкери экспресс-тест тапшырып, тогуз кишиден вирус табылган.





Губернаторы России
Москва

Собянин подвел итоги фестиваля «Москва — на волне. Рыбная неделя»





Москва

За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Фестиваль «Рыбная неделя» посетили рекордные 4,5 миллиона человек



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Владимир Высоцкий

Документальный спецпроект — Главком ВМФ адмирал Владимир Высоцкий (03.06.2024)




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Педагоги школы №2065 вошли в ТОП-5 лучших туристских команд Москвы

Ученики школы №1354 одержали победу в финале Московской спартакиады молодежи допризывного возраста

Спортсменка Росгвардии установила рекорд в командном спринте на «Гран-при Санкт-Петербурга»


Ролан Гаррос

Мирра Андреева обыграла представительницу Франции Грачеву на "Ролан Гаррос"



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

Discover Tintex: A Hub for Premium Car Care and Customization



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России