COVID-19: Бишкек шаары "кызыл зонага" киргизилди
Бишкек шаарында бир сутканын ичинде коронавирус жуктургандардын саны 345 болуп, омикрон штаммы да катталгандыктан "кызыл зонага" кирди. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүүгө багытталган республикалык штаб кабарлады.
Баш калаадагы 303 киши жеңил формада ооруп жатат, 42 кишиде коронавирус симптомсуз өтүүдө. 32 адам ооруканага жаткырылды, бир суткада эки киши каза тапты.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда тогуз мобилдик топ иштеп, 118 кызматы телефондон бейтаптарга кеңеш берүүдө. Борбор шаардагы мындай кырдаалдан улам калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу, коомдук жайларда, өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында, эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү жана чектөө чараларын киргизүү каралууда.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарында вирус жуктургандар көбөйүп жаткандыктан кошумча 400 орун даярдалганын кабарлаган.
12-январда Кыргызстанда коронавирус жуктургандар акыркы беш айдагы рекорддук чекке жетип, 465 адамдан оору аныкталды. Алардын басымдуусу Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары. (BCh)