Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Кызыл-Кыштактын жепжутаттары Баходир Холматовдун, Х.Рахматуллаевдин, М.Газиевдин жемкорлугу жана коррупциялык схемалары

0
Кызыл-Кыштактын жепжутаттары Баходир Холматовдун, Х.Рахматуллаевдин, М.Газиевдин жемкорлугу жана коррупциялык схемалары

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

                                               

АРЫЗ

1. КР Президенти С.Н. Жапаров: “Экономиканы көмүскөдөн чыгарып, бюджетти 400 млрд сомго чыгарабыз. Ал үчүн коом жардам берип, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байыган, салык төлөбөгөн адамдарды айтышы керек, укук коргоо органдары аларды кустурат”-деп айткан.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты, ЖК депутаты И.Матраимовдун коомдук кеңешчиси Б. Халматовдун кылмышкер шериктери Рахматуллаев Хикматилла каймана аты Тилла, Газиев Махмуд, Б.Халматов, Бостон мечити имамы Маннап менен бирге 2015 жылдан азыркы күнгө чейин Бостон участкасындагы стадиондон миллиондогон акчаларды сол чөнтөгүнө салышкан. 2015-2018 жылдары стадиондон бюджетке 1 сом акча тушпөй, Халматов, Газиев, Маннаптын сол чөнтөгүнө түшкөн. Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Себеби, Б.Халматов, М.Газиев, У.Абдулазимов “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө” КР мыйзамынын 25 бер. талаптарын одоно бузушуп кызыкчылыктардын кагылышуусу менен Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин сессиясынын Бостон участкасындагы стадион ижарага 1000 сомдон берилсин деген мыйзамсыз токтомун чыгартырат. Себеби, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин №87 23.07.2015 ж. токтому менен Кызыл-Кыштак айыл аймагынын муниципалдык менчиги старттык ижара баалары айына 1 кв. метри 200 сом болуп бекитилген. Бирок, айыл өкмөт мурдагы башчысы Ш.Капаров жана Халматов, Газиевдер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюу максатында, ал токтомду четке кагышып, көз карандысыз баалоочу жеке ишкер К.К.Эргешев менен алдын ала сүйлөшүп, Ош шаарынын боорунда жайгашкан муниципалдык менчик – жаңы курулган стадиоду базар баасынан бир нече барабар өтө арзан баада атайын баалатып, муниципалдык менчикти базар баасынан арзан ижарага берип, жергиликтүү бюджетке арзыбаган акча түшүрүп. Стадиондон айына 150-180 миң сом акча түшсө, ижараге болгону 11 миң сомдон берип, ортодогу айырмасын айына 140 миң сомду сол чөңтөгүнө салышкан. Ошол эле үчүрда 2018 ж. ал стадиондон бюджетке ар айда 51200 сомдон төлөнүп турса, Капаров, Халматов, Маннапка доля аз түшкөндүктан, ал келишимди бузушуп, башка аукцион өткөрүп, айына 11 миң сом төлөй турган кылып, ар айда 140 миң сомдон сол чөнтөктөрүнө салышып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байышкан. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин №87 23.07.2015 ж. токтомуна ылайык жана базар баасын эсепке алып, 1300 кв.м. стадион айына эң кеминде 100 миң сомдон берилип, акча бюджетке тогулушу керек. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекет эсебинен, кылмыштуу жолдор менен мыйзамсыз 5 миллион сом мамлекет акчасын жешкен.

2. Стадионду мыйзамсыз иштетип, мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюу максатында Б.Халматов, Х.Рахматуллаев жана М.Газиев айылдык депутаттар (Абдулазимов, Алимжанов, Мирзахакимов, Буранов, Моминов ж.б.), квартал комитети башчыларынан, Газиев мектеп директору М.Исамидиновадан, Бостон мечити имамы Маннаптан жана крышасы ЖК депутаты И.Матраимовдон түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ түзүшкөн. УКТ жардамында жалган документтер даярдап, стадионду 2015-2018 жылдары акчасын бюджетке төлөбөй сол чөнтөгүнө салышкан, 2019 жылдан ижара акысын мыйзамсыз арзандатып, ар айда 140 миң сомдон мамлекет акчасын жеп жүрүшкөн.

3. Укук коргоо органдары текшергенден кийин Бостон мечитинде мечит имамы Маннап Бостон элине: “Стадионду биз иштетебиз, бизге ким каршы чыкса дуойибат кылабыз”-деп коркутса, ЖК депутаты И.Матраимовдун коомдук кеңешчиси Б.Халматов мектеп окуучулардын ата-энелерин: “Артымда Матраимовдор кланы турат”-деп коркутуп, шантаждап, Газиев атындагы мектеп директорунан жалган маалымат жазылган аныктама алат, ал аныктамада мектеп окуучулары стадиондо күнүнө 3 сааттан бекер ойнойт, ар күнү кружокдо 2-3 саат бекер ойнойт деп жалган жаздырат. Бирок, пара алган укук коргоо органдары жана Матраимовдон корккон Газиев мектеби администрациясы Матраимовдон корккон окуучулардын ата-энелеринен жана Кызыл-Кыштак айыл жашоочуларынан аноним анкеталык сурамжылоо өткөрүшкөн эмес. Ошондой эле, Халматов Бостон участкасындагы жашоочуларын шантаждап, ар күнү стадиондо Кызыл-Кыштак жаштары 3 сааттан бекер ойнойт деген жалган акт туздуруп алган. Бирок, факт жүзүндө Рахматуллаев жана Халматов ал стадиондо эч кимди бекер ойнотпой, саатына 600-700 сомдон ойнотуп, айына 150-180 миң сом акча табышат. 2015 жылдан 5 миллион сом мамлекет акчасын сол чөнтөгүнө салышып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байышкан.

4. Б.Халматов, М.Газиев, Х.Рахматуллаев стадиондорду мектеп балансына өткөрбөө жана элди адаштыруу жана бизди жаманатты кылуу максатында Бостон мечитинин имамы Маннапка бизди жамандатып, аларды мечитте дуойибат кылайлык деп жатат. Алардын кылмыштуу аракеттеринде КР КЖК 330 бер. 1 бөл. 2 бөл. 1 п.,4 п. менен квалификацияланган диний кастыкты (араздашууну) козутууга багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо менен депутаттык кызмат абалынан пайдалануу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасап, бизди фитначы деп атаган. Мамлекет ишине динди мыйзамсыз аралаштырып, конституциялык тузумго каршы сөз сүйлөгөн. Себеби Конституциянын 1, 9 бер. ылайык Кыргызстан светтик мамлекет болуп, дин мамлекет ишине аралашпайт жана дин мамлекет ишине кийлигишүүсүнө тыйуу салынган.

5. Соцобъект мектеп жеринде курулган Анжиян айылындагы спорт аянтчадан 2015 жылдан жергиликтүү бюджетке жана мектепке 1 сом акча түшпөй, У.Абдулазимов крышевать эткен кылмышкер шеригинин сол чөнтөгүнө түшкөн. У.Абдулазимов доля алып, мыйзамсыз крышевать эткени натыйжасында 7 жылдан бери мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. У.Абдулазимов крышевать эткен кылмыштуу шеригине мыйзам иштебей, соцобъект Айбек атындагы мектеп жерине стадион алдына өзүм билемдик менен капитал курулуштар куруп алган.

6. Ошондой фактыларды ЖК депутаты И.Матраимовго айтсак: “Мен стадиондорду эл үчүн, эл бекер ойносун деп курганмын, жеке адамдар пайдалансын деп курган эмесмин”-деп айткан. 2015 жылы Зафар Айдаров Абдулазимовго: “Стадион боюнча мыйзамсыз аракеттерин токтот, болбосо эл Матраимов жөнундө туура эмес пикирге барышы мүмкүн”- деп катуу эскертуу берген.

7. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин бир топ депутаттары Бостон жана Анжиян айылдарындагы стадиондор мектептер балансына өткөүлүп, эл бекер ойноп, спорт өнүксүн деген мааниде билдирүү жазышат. Бирок, 29.12.2021 ж. У.Абдулазимов жеке материалдык кызыкчылыгын көздөп, сиз жаман адам экенсиз, ал стадиондо эл бекер ойнобойт деп каршы болот. Суроо туулат эмне үчүн Кызыл-Байрак айылында ошондой стадиондо эл бекер ойнойт, Бостондо болсо окуучулар жана эл бекерге ойнобой, Анжиян айылында эл бекер ойнобой, акчага ойношу керек? Бекерге ойносо, Абдулазимовдун сол чөнтөгү толбой, доля албай калабы?

8. 2010 жылы Ош шаарынын чек арасында жайгашкан №65 Сабиров атындагы мектеп короосунда соцобъект жерин басып алып, Рахматуллаев Ш. Капаров менен алдын ала сүйлөшүп, И.Матраимовдун коомдук кеңешчиси Б.Халматов крышевать кылып, 16.02.1995 ж. №37 КР Президентинин Жарлыгын, КР Өкмөтүнүн 09.10.1995 ж. №421 токтомун, КР Жогорку Кеңешинин 27.03.2014 ж. №3921-V, 19.04.2017 ж №1511-1-VI токтомдорун талаптарын одоно бузуп, өзүм билемдик менен 45 кв.м. стоматология куруп алган, бюджетибизге 1 сом төлөгөн эмес. Кара-Суу райондук билим берүү башкармасынын башчысы Г.Э. Машрапова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн функционалдык милдеттерине шалаакылык мамиле жасап, ар айда доля алып турабы? Ал мыйзамсыз курулушту буздурган эмес. Х.Рахматуллаев 2010 жылдан иштеткен ал 45 кв.м. стоматологияга 2021 жылы болгону 9420 сом төлөгөн, калган 2010-2020 жылдар аралыгына 11 жылга төлөгөн эмес. Ошол эле учурда Ош шаарынын чек арасында жайгашкан андай имараттарге айына 20-30 миң сом ижара акы төлөнөт. Х.Рахматуллаев болсо 12 жылда болгону 9420 сом төлөгөн. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 3 миллион сом зыян келтирген.

9. Мамлекеттик соцобъект жеринде мыйзамсыз өзүм билемдик менен курулган стоматологияга Кара-Суу райондук тиш эмканасы башчысы Х.Рахматуллаевден ар айда чоң пара алып турабы? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып стоматология иштетууга мыйзамсыз уруксат берет.

10. Х. Рахматуллаев крышасы жепжутат Б.Халматов жардамында коррупциялык акчаларга өзүнүн жеке менчик үйүндө жеке гинекологиялык жеке клиника курат. Кара-Суу райондук саламатык сактоо мекемелери жана Санэпидстанция жетекчилери мыйзамсыз уруксаттар беришет.

11. Мурдагы Кара-Суу райпрокурору М.Айтикулов, Мамэкотехиспекция адиси Шарабидин уулу Шадыбек, Кара-Суу райондук саламаттык сактоо мекемелери жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн функционалдык милдеттерине шалаакылык мамиле жасап, Х.Рахматуллаевден чоң пара алганбы? Ал соцобъект мектептеги мыйзамсыз курулушту буздурган эмес. Натыйжада 16.02.1995 ж. №37 КР Президентинин Жарлыгын, КР Өкмөтүнүн 09.10.1995 ж. №421 токтомун, КР Жогорку Кеңешинин 27.03.2014 ж. №3921-V, 19.04.2017 ж №1511-1-VI токтомдорун талаптарын одоно бузушкан.

12. Х.Рахматуллаевдин атасы Шамшат көчөсүнда жайгашкан социалдык объект – колхоздун банясын 16 февраль 1995 ж. №37 КР Президентинин Жарлыгын жана КР Өкмөтүнүн 09.10.1995 ж. №421 токтомунун талаптарын одоно бузуп, мыйзамсыз ит бекерге менчиктештирип алган. Х.Рахматуллаев банянын жерин 4 сотик, кылып бөлүп, азыркы күндөрү 60-70 миң доллардан сатып, мыйзамсыз байып жатат. Азыркы күнү УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди мамлекетке кайтарып жатат. Ошондуктан Рахматуллаев мамлекетке келтирген 50 миллион сом зыянды кусуп, төлөп койсун. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Жепжутат Х.Рахматуллаевди мамлекеттик социалдык объект №65 М.Сабиров атындагы мектеп жерин мыйзамсыз басып алып, ээлеп, өзүм билемдик менен мыйзамсыз курулуш курганы үчүн КР КЖК 212, 213, 214 бер. менен кылмыш жоопкерчиликке тартуунузду.

2) Мектеп жерин 2010 жылы басып алып, өзүм билемдик менен, мыйзамсыз курулган стоматология ижара акысын 3 миллион сомду бюджетке төлөтүүнүздү. Райондук билим берүү башкармасы башчысы Г.Э. Машрапованы, Кара-Суу райондук саламаттык сактоо мекемелери, Санэпидстанция жетекчилерин, Мамэкотехинспекция адиси Ш.Шарабидин уулуну иштен алып, КР КЖК 336 бер. 1,2,4 бөл., 348 бер.1 бөл. менен кылмыш жооперчилигине тартуунузду.

3) Б.Халматовдун, Х.Рахматуллаевдин, М.Газиевдин кылмыштуу шериги Бостон мечитинин имамы Маннаптын жеке пайдалануу максатында мечитте мамлекет стадионуна динди аралаштырып сөзлөгөн сөздөрүнө, билдирүүлөрүнө филологиялык-лингвистикалык соттук экспертиза өткөрүп, мечит имамы мамлекет ишине кийлигишүүгө КР Конституциянын 1, 9 бер. ылайык акысы жоктугу КР КЖК 330 бер. 1 бөл. 2 бөл. 1 п.,4 п. менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, иштен алып, мамлекетке келтирген 5 миллион сом зыянды кустуруп берүүнүздү.

4) Стадиондо март-ноябрь айларында хронометраж өткөрүп, мамлекетке келтирген зыянды аныктап, 5 миллион сомду бюджетке төлөтүнүздү.

5) Мыйзамсыз, ит бекерге менчиктештирилген соцобъект Шамшад көчөсүндөгү баняны мамлекет менчигине кайтаруу боюнча облпрокурорга тапшырма берүүнүздү.

6) Жепжутаттар Х.Рахматуллаевди, Б.Халматовду, М.Газиевди, мечит имамы Маннапты жана УКТ мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартып, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү 5 миллион сом зыянды төлөтүүнүздү суранабыз.

 

Коррупция курмандары              О.Д. Токторалиева,               Г.М. Мирзакаримова, 13 январь 2022 ж.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Арутюнов

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Энди Роддик

Энди Роддик: «У меня было несколько типов рака кожи с тех пор, как я завершил карьеру»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Водителей предупредили о дожде и заморозках на трассе М-4 в Воронежской области



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России