Президенттин басма сөз катчысы анын атын колдонгондор тууралуу эскертти
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анын атын колдонгон шылуундар тууралуу эскертти.
Ал "Фейсбуктагы" баракчасына "акыркы убакта менин атыма жамынып, белгисиз адамдар ар кимге ар кыл “өтүнүчтөр” менен чалып жаткан учурлар көбөйгөнүн эскертип койгум келет. Достор силерден сураныч, телефон шылуундарынан сак болуңуздар! ",-деп жазды жана өзүнүн аты аталган "Вотсаптагы" жазышуулардын сүрөтүн чыгарды.
Эрбол Султанбаев президенттин басма сөз катчысы болуп былтыр май айында дайындалган. Ага чейин мамлекет башчынын администрациясында Маалыматтык саясат бөлүмүндө иштеген.