Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

"Жүрөгүнө жана чекесине ок тийген". Казакстанда кыйылган өмүрлөр

0

Укук коргоочулар казак бийлигинен тополоңдо каза тапкандар менен кармалгандардын тизмесин ачык жарыялоону талап кылууда. Интернетте Казакстандагы башаламандыктын курмандыктарынын аянычтуу тагдыры тууралуу түрдүү видеолор тарап жатат.

Интернетке тараган видеолордун биринде Алматы облусунда бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тажиясын көрүүгө болот. "Настоящее Время" телеканалы билдиргендей, бул үй-бүлөдө күйөөсү, аялы жана 15 жаштагы кызы 8-январдын кечинде Талды-Коргон шаарында мерт болгон. Укук коргоочулардын айтымында, алар аскерлердин "токтогула" деген буйругун укпай калышкан. Анан аскерлер ок аткан.

Дагы бир видеодо Алматыда 12 жаштагы өспүрүм башына ок жеп кулаганы тартылып калган. Укук коргоочулар аныкташкандай, Камшыбек Султан 5-январдын кечинде апасы жана дагы эки жакын тууганы менен дүкөнгө чыккан. Трагедия алар полиция бекетинин жанынан өтүп баратканда болгон.

"Алар азык-түлүк дүкөнүнүн жанында турушкан. Себеби ичкери киргизбей жатышкан. Бир маалда ок атыла баштаган. Султан (кичүү иним) бул салют экен деп, видеого тартайын деп жатканда желкеге ок жеген. Ауэзов РИИБдин чатырынан атышкан. Чоңдор машинанын артына жашынышкан. Тайкем апамды Султанга жибербей кармап калган. Ал 15 мүнөттөй жерде жатты. Ок атуудан улам анын жанына эч ким бара алган жок. Бир аздан кийин ага барышкан. Бирок анын жүрөгү токтоп калган экен", - деп билдирди Камшыбек Султандын бир тууганы.

12-январда Талдыкоргондо Алматыдагы башаламандык маалында каза тапкан Аслан Уалиевдин сөөгү жерге берилди. 49 жаштагы Аслан эки баланын атасы эле. Анын иниси Дархан Уалиев Казакстандагы таанымал жарандык активисттердин бири.

Дархан агасынын дайынын таба албай, 10-январда Алматыдагы өлүккананын алдына келгенде кармалган. Анын жубайы, каза тапкан Аслан Уалиевдин келини Булбул Бердикожанова "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына айтып бергендей, кайынагасы 5-январда кечинде Алматыдагы эски аянтта жүргөнүн бир тууганына айткан боюнча дайынсыз кеткен.

"Бир нече күндөн кийин гана [сөөгүн] таптык. Ошондо да тааныштар аркылуу таптык. Өлүккананын кызматкерлери ок тийгендерди катып коюшкан экен. Денесинин эки жерине - жүрөгүнүн жанына жана чекесине ок тийген. Ал эски аянтка бирөөнү такси менен алып келген болушу мүмкүн", - деди Бердикожанова

Укук коргоочулардын тизмеси

Казак бийлиги жер-жерлердеги нааразылык акцияларында жана Алматыдагы башаламандыкта канча жайкын тургун жана канча "террорчу" делген адамдар каза тапканын так билдирбей жатат.

9-январда Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги жалпысынан 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке какты. Буга чейин кеминде эки бала окко учканы, күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза тапканы кабарланган.

Учурда Бахытжан Торегожина баштаган укук коргоочулар каза тапкандар менен кармалгандардын тизмесин өз алдынча тактаганга аракет кылып жатышат. Ал тизмеде жайкын тургундар өлтүрүлгөнү ырасталган 17 учур катталды. Дагы бир топ адамдын дайыны чыкпай жатат. Ошондуктан Алматыдагы өлүккананын алдында жакындарын издеген адамдардын аягы суюла элек.

14-январда Алматыда жарандык активисттер соңку окуяларга байланыштуу көз карандысыз комиссия түздү. Укук коргоочулар тынч митингге катышканы үчүн кармалгандар кыйноого кабылганы тууралуу көп маалымат түшүп жатканын айтышууда.

"Кайрылгандардын бир бөлүгү аларды сабап, кыйнаганын айтып жатышат. Экинчи бөлүгү эч кандай күч колдонулбаганын билдиришүүдө. Айрым адвокаттар абакка кирүүгө мүмкүнчүлүк болгонун айтышты. Бирок жалпысынан жактоочулар өздөрү укугун коргоп жаткан адамдар менен жолуга алышкан жок", - деди укук коргоочу Галым Агелеуов.

Казак бийлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү 10 күн ичиндеги окуялар боюнча 10 миңден ашуун адам кармалып, 500гө чукул кылмыш иши козголду. Алардын 44ү "террорчулук" беренеси, 34ү "массалык башаламандык", 15 "адам өлтүрүү" беренеси менен ачылган. Алматынын полиция департаменти 7 адам изделип жатканын билдирди.

Алматы шаарында кармалган төрт кыргыз жараны да эркиндикке чыга элек. Бул шаардагы башаламандыкта каза тапкан эки кыргыз атуулу Азиз Мусаев менен Бахтияр Базарбаевдин сөөгү бейшембиде туугандарына берилди.

Бириккен Улуттар Уюму казак бийлигин демонстранттарга ок атылышы менен коштолгон окуяларга көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө үндөгөн. 12-январда Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму да расмий Нур-Султанды нааразылык акциялар менен тополоңдордо канча кишинин өмүрү кыйылганын жашырбоого, адам укуктарын бузууларды, анын ичинде күч органдары курал колдонгон учурларды адилет жана калыс иликтеп чыгууга чакырды.

Европадагы укук коргоочулар маалымдагандай, Европарламент Казакстандагы демонстранттардын киши колдуу болушу жана кыйноого кабылышы боюнча атайын резолюция даярдап жатат. Азырынча казак бийлиги мындай талап жана айыптоолорго үн ката элек.

Акордодогу өзгөрүүлөр

Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бул окуялар Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлеринин Казакстанга киришине жана Акордодогу өзгөрүүлөргө жол ачты. Маселен 2019-жылы Нурсултан Назарбаев президенттикти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенден бери иштеп келаткан айрым таасирдүү жетекчилер кызматтан кол жууду. Улуттук коопсуздук комитетин жетектеген, Назарбаевдин айтканынан чыкпайт делген Карим Масимов камакка алынып, ага "бийликти басып алуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул аптада президент Токаев жаңы өкмөт түзүп, анын башына премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген 49 жаштагы Алихан Смаиловду койду. Бирок өкмөттө жаңы жүздөр жок, мурдагы министрлердин дээрлик жарымы өз ордунда калды.

Кантсе да Токаев 11-январда мажилистеги сөзүндө биринчи жолу Назарбаевди сындагандай болуп, "элбашынын аркасы менен өлкөдө өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлден алып караганда да ашынган байлардын катмары пайда болгонун" айтты.

Азырынча Назарбаев Казакстандагы окуяларга үн ката элек. Назарбаев Нур-Султанда экенин басма сөз катчысы жазганы менен 82 жаштагы экс-президенттин кайсы жерде, кандай абалда экени бүдөмүк бойдон.

13-январда "элбашынын" кичүү кызы Алия Назарбаева курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул окуялардан сабак алуу керектигин жазган. “Атасына аймактардын жашоочуларынан маалыматтар түшүп жатканын” кошумчалап, Элбашыга “көргөзүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын” билдирген. Андан көп өтпөй Алиянын "Фейсбук" менен "Инстаграмдагы" баракчалары ачылбай калды.

Бейшембиден тартып, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери Казакстандан чыгып кете баштады.

P.S. Макалада "Настоящее Время" телеканалынын жана "Азаттыктын" казак кызматынын материалдары колдонулду.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пётр Чайковский

Фестиваль «Гений места» завершился на родине Чайковского




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро

Пензенские регбистки выиграли первенство России


Новак Джокович

Открытый чемпионат Италии: Новак Джокович получил сильный удар после выхода в третий раунд после Корантена Муте | Теннисные новости



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


#123ru.net

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России