Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Археологдун колу кишенделген сөөгү моргдон табылды

0

Казакстандагы башаламандыктарда каза болгондордун туугандары алардын өлүмүн тыкыр иликтенишин бийликтен талап кылып жатат. Башкы прокуратуранын алдын ала маалыматына ылайык, тополоң маалында 225 адам көз жумду, 4,5 миңдей киши жараат алды. Ал арада мурдагы президенттин тун кызы, парламент депутаты Дарига Назарбаева ай соңуна чейин өргүүдө болору кабарланды.

"Колу кишенделген археологдун сөөгү өлүкканадан табылды"

Ерлан Жагипаров тополоң курчуп турган маалда Республика аянтында каза болгондордун бири. Ал митингге да, андан кийин башталган кагылышууларга да катышкан эмес.

Жакындарынын айтымында, Ерлан аянтка кырдаалды билиш үчүн кеткен. Бир нече күндөн кийин анын колу кишенделген сөөгү өлүкканадан табылган. Денесинин бир нече жерине ок тийип, ур-тепкинин тагы калган.

"Ичине жана жүрөк тушка ок тийген. Колдору сынган. Ал өлгүчө кыйноого алышканы көрүнүп эле турат. Бул аптада агамдын өлүмү боюнча тиешелүү органдарга кайрылууну көздөп жатабыз",- дейт маркумдун иниси Нурлан Жагипаров.

Маркум Ерлан Жагипаров археология менен алектенип, Казакстандын тарыхый мурастарын изилдөө жана сактап калуу боюнча ар кандай экcпедицияларга катышып келген.

Башкы прокуратура баштапкы маалымат боюнча 225 киши каза болгонун билдирди. Дайынсыз жоголондордун саны дагы эле көп.

"Балам террорчу эмес, мен билем"

Учурда Алматыдагы убактылуу кармоочу жайдын алдында жакындары камалган жүздөгөн адамдар турат. Чогулгандардын айтымында, айрымдарды оор жараатына карабастан камап салышкан.

Арман кайнисинен кабар алуу үчүн келген. Анын айтымында, 20 жаштагы Бейбит такси айдап иштечү. Аянттагы башаламандык маалында ага ок тийип, ооруканага түшкөн.

"Аянттанбы, бир жерден жараат алып, ооруканага түшкөн. Ал жактан ОМОН алып кетиптир. Арт жагынан ок тийген, бир бөйрөгүн алып салышыптыр",-дейт Арман.

Саранын баласы камакта. Ал баласынын жаман ишке барганына ишенбейт.

"Менин балам террорчу эмес, мен билем. Психологдор кайда? Алар адамды бир карап эле террорчубу же жокпу айта алышат го".

Дайынсыз болуп жаткандардын арасында кыргызстандык жаран да бар. Ал Алматыдан Бишкекке баратып кармалганы тууралуу маалымат чыккан. Консулдук аны издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында мал издеп жүрүп 10-январда казак чек арачыларына кармалганы айтылып жаткан студент Сыймык Өмүрбек уулу боюнча Казакстан жооп бере элек. 22 жаштагы Өмүрбек уулунун апасы 14-январда президент Садыр Жапаровдон уулун кайтарууга жардам сурап кайрылган.

 

Дарига Назарбаева эмгек өргүүсүндө

Казакстандын акыйкатчысы Элвира Азимова убактылуу кармоочу жайларга кирип, кармалгандардын абалы менен таанышып чыкканын 17-январда билдирди.

Ал кармалгандар тууралуу айтып жатып, «террорчулар» деген сөздү колдонду, тынч митингдерге чыккандарды, мародерчулукка, талап-тоноочулукка баргандарды жана террорчуларды бөлүп кароо зарыл экенин айтты.

Ал арада мурдагы президенттин кызы, парламент депутаты Дарига Назарбаева ай соңуна чейин эс алууда болорун 17-январда анын маалымат катчысына таянып Zakon.kz сайты жазды. Буга чейин Назарбаева коронавируска чалдыгып, Алматыдагы үйүндө экени кабарланып келген.

Нурсултан Назарбаев өзү 28-декабрдан бери эл алдына чыга элек болчу.

Кандуу окуялар боюнча да үн каткан эмес. Маалымат катчысы тунгуч президент баш калаада экенин жана өз ыктыяры менен Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин билдирген.

Бирок 18-январда Назарбаев басма сөз кызматынын YouTube каналында кайрылуу жасап, соңку окуяны “атайын уюштурулган башаламандыктар жана чабуулдар” деп атады, өлкөнүн бүтүндүгүнө шек келгенин билдирди.

“Болуп өткөн трагедия баарыбызга сабак болду. Талап-тоноолорду жана киши өлтүрүүлөрдү ким уюштурганын аныкташ керек. Ага тергөө жооп табат”, - деген Назарбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Ал азыркы президент Касым-Жомарт Токаев менен келишпестик болгонун төгүндөдү.

“Менин дарегиме карата көптөгөн кайрылууларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып жаткан кабарларга жооп берип жатып, 2019-жылы ыйгарым укуктарды президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенимди кабарлайм. Ошондон бери мен пенсионермин, учурда Казакстандын борборунда эс алуудамын жана эч жакка кеткен жокмун. Президент Касым-Жомарт Токаев толук түрдө бийликке ээ. Ал Коопсуздук кеңешинин да төрагасы. Президент жакын арада “Нур Отан” партиясынын төрагалыгына да шайланат. Ошондуктан элитанын ичинде эч кандай тирешүү жана карама-каршылык жок. Бул темадагы ушактар негизсиз”.

Мурдагы президент ошондой эле Касым-Жомарт Токаев жаңы саясий программаларды жарыялаганын кубаттап, жалпы элди аны колдоого чакырды.

14-январда Назарбаевдин кичүү кызы Алиянын күйөөсү Димаш Досанов «КазТрансОйл» улуттук компаниясынын жетекчилигинен кеткен. Ошол эле күнү Назарбаевдин улуу кызы Дариганын күйөөсү делген Кайрат Шарипбаев дагы «Казахгаздын» башчысы кызматынан алынды.

17-январда миллиардер Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев «Ата-Мекен» улуттук ишкерлер палатасынын төрагалыгынан кеткенин жарыялады. Ушул эле күнү экс-президенттин маркум иниси Сатыбалдынын уулу улуттук коопсуздук комитетинин жетекчи орун басарлыгынан четтетилди.

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Тополоңдо жалпы 225 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Блондинчик: жена бывшего Волочковой стала мамой во второй раз




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова официально аккредитовала на турнир в Риме двух своих собак



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России