Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Сауна окуясы: төрт кызды ооруканага жеткирген жагдай

0
Сауна окуясы: төрт кызды ооруканага жеткирген жагдай

Кара-Балта шаарында өз өмүрүнө кол салууга аракеттенген төрт кыздын бири тилкат жазып, анда сойкулукка айыптаган адамдарды күнөөлөгөн. Өткөн айда Кара-Балта шаарында активисттер сауналарды жабуу талабы менен бийликке кайрылган.

Дары ичип, жанынан кечүүгө аракеттенишкен

19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын төрт тургуну - кыздар дарыга ууланганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алар Кара-Балта шаардык ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Тилек Оторовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул фактыны милиция иликтөөдө.

"19-январдагы Кара-Балта шаарында төрт кыздын өз өмүрүнө кол салуу фактысы Жайыл райондук милициясында катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат".

Кара-Балта шаардык ооруканасынын башкы врачы Айнура Имашева 19-январда төрт кыз өмүрүн кыюу максатында дары ичип, "Тез жардамга" кайрылганын, алардын экөөнүн ашказаны жуулганын журналисттерге ырастады.

Башкы дарыгердин айтуусунда, калган эки кыз ашказанын жуудургандан баш тарткан.

"Процедура бүтөрү менен алар үйүнө кетти, абалдары канааттандырарлык болчу", - деди башкы врач.

"Бийлик чара көрбөсө, өзүбүз чара көрөбүз"

Өмүрүнө кол салууга аракеттенген кыздардын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Кыздардын бири бул аракетинин артында "аларды сойкулукка айыптаган адамдардын жалган жалаасы турат" деп жазган каты социалдык тармактарга тарады.

Атын атагысы келбеген карабалталык тургундун айтуусунда, өткөн айда бир нече адамдар шаардагы сауналардын бирине барып, ал жерде иштебеген кыздарды кол телефонуна тартып алган жана сойкулукка айыптаган.

Микрофонго сүйлөп берүүнү каалабаган маектешибиз кыздардын өз өмүрүнө кол салуусуна ошол видео себепкер болушу ыктымал экенин айтты.

19-декабрда "Кара-Балта шаарынын активисттерибиз" деген жаштар шаардык мэриянын жана айрым сауналардын алдына барып, бийликке кайрылуу жасаган. Алар "Кара-Балта шаарындагы сауналардын жабылышын" талап кылышкан.

"Кара-Балта жаштар комитетинин атынан кайрылабыз. Кара-Балта шаарындагы үч-төрт саунанын жабылышын талап кылабыз. Ал жерде сойкулук өнүгүп жатыптыр. Биз кыздарыбыздын жана карындаштарыбыздын келечеги үчүн арам иштерди токтотолу деп чыгып атабыз. Сиздер чара көрбөсөңүздөр биз өзүбүз чара көрөбүз!", - деп президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Ички иштер министрлигине кайрылышкан.

 

"Адептүү болобуз деп адепсиздик кылбайлы"

Активисттердин бул кайрылуусунан көп өтпөй өз жанын кыюуга аракеттенген кыздардын окуясы катталды. Укук коргоочулар бул эки окуянын байланышы бар деп сыпатташууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова коомчулук кыздардын укугун сактап калууга тийиш экенин белгиледи:

"Ар бир адамдын жеке жашоосу бар. Ага сырттан башкалардын кийлигишип, коркутуп-үркүтүүгө укугу жок. Бул жерде да кыздардын жеке жашоосуна кийлигишүү болуп, аларды суицидге жеткирүү фактысы турат. Кыздардын укугунун тебеленишине жол бербөө үчүн алар милицияга жана биздей укук коргоочуларга кайрылса болот".

Коркутуунун айынан жан кыюуга аракет кылган кыздардын маселесин Акыйкатчы институту да иликтейт. Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов бул ишти өз көзөмөлүнө алганын "Азаттыкка" билдирди.

"Окуя тууралуу маалыматты бүгүн алдык. Эртең биздин кызматкерлерибиз иликтөө ишин баштайт. Аларды жан кыюуга түрткөн жагдайлар сөзсүз иликтенет жана биздин көзөмөлүбүздө болот".

Кыргызстанда адам укугу Баш мыйзам менен корголгон. Мыйзамдан тыш аракеттер болсо аны тиешелүү органдар карап, баа берет. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо ушундай пикирде.

"Кара-Балтада сауналар жабылсын деген талап менен жергиликтүү активисттер чыгып жатканын уккам. Ал кайрылуусун бийликке жана башка тиешелүү тараптарга беришсе керек. Эми ошого жараша тиешелүү тараптар иликтеп, мыйзамсыз иштер болсо чара көрөт. Бул жерден "өзүбүз чара көрөбүз" деп коркутуу ашыкча. Ал эми кандай иш менен кантип алектенет, ал ар бир адамдын абийириндеги иш".

Кыздардын жүрүм-турумун тескөө максатында мыйзамсыз аракеттерге барган адамдардын окуялары буга чейин да катталган. Өздөрүн “патриот” деп атаган топтун Орусиядагы кыргызстандык мигрант кыздарды жылаңачтап алып суракка алган тасмалары интернетте 2012-жылдын жаз айларында пайда болгон. Андан бери бир канча тасма интернетке жарыяланып кетти, бирок алардын ичинен эки кыз гана укук коргоо органдарына кайрылган.





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

"Все наши — здесь": Бутман, Машков, Гусева, Немов поделились эмоциями от Парада Победы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Анонс выпуска городской газеты «Деловой Новочеркасск» №17 (185)

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице


Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Настроение

Коровы



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России