Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Мандаттан ажыраткан диплом чыры

0
Мандаттан ажыраткан диплом чыры

Кыргызстанда жогорку кызмат адамдарынын диплом чыры уланууда.

Диплом чырына илинген Нарматова жана Момбеков

Боршайком 20-январда Орозайым Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратты. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

БШКнын маалыматында, текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтер жок болуп чыккан. Мындан тышкары, сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда ал Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланды. Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад мамлекеттик университетинде (ЖАМУ) комиссия иштеп, Нарматовага берилген дипломун жокко чыгаруу чечими кабыл алынганын билдирди.

ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев мындай деди:

“Студентти мамлекеттик сынакка киргизүү боюнча буйрук жокко чыкты. Демек, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын дагы чечими жокко чыкты. Бул чечимдерден кийин "студенттин диплому артка алынсын" деген ректордун буйругу чыкты”, - деди Алибаев.

Орозайым Нарматова мандатынын жокко чыгарылышын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, сот адилеттигине ишенбей турганын жанан “БШКнын чечимин сотко бербесин” билдирди.

"Менин мандатымды мыйзамсыз тартып алышты. Бирок менин үнүмдү баса алышпайт. Депутат болбосом да жарандык позициямды активдүү билдирип, куугунтукка жана мыйзамсыздыкка каршы күрөшө берем", - деди Нарматова.

Атайын кызмат буга чейин Нарматованы дипломуна байланыштуу суракка чакырып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

БШКнын Нарматованын маселесин караган жыйыны:

Момбеков шайлоого катышпайт

20-январда БШК Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын депутаты Рыскелди Момбековду кайра шайлоо жарыяланган Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Ага Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болду. Момбеков 2021-жылы анын талапкерлигин жокко чыгарган Боршайкомдун чечимине каршы Жогорку сотко арызданып, талапкерлигин кайра калыбына келтирген жана былтыр 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. Ал жасалма диплом тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Диплом чыры оппозицияга басымбы?

"Дипломун мыйзамсыз алды" деп жаманатты болгон Рыскелди Момбеков да, Орозайым Нарматова да бийликтин саясатын кескин сындаганы менен таанымал.

Мындан улам айрым жарандык коомдун өкүлдөрү муну бийликтин оппонеттеринине каршы күрөшүү ыкмасы деп сындап жатышат.

 

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова диплом чыры боюнча акыркы окуяларды оппозицияга карата "саясий басым" деп атады. Сооронкулованын айтымында, жогорку окуу жайдын диплому соттун чечими менен гана жокко чыгарылууга тийиш. Сооронкулова өлкөдө жогорку кызмат адамдарынын көпчүлүгүнүн дипломуна байланыштуу маселе бар экенин, бирок бийлик аларды тегиз текшере турганына ишеним артпасын кошумчалады.

«Эч нерсе далилдене элек, бир дагы соттун чечими жок, жаңы иш козголуп, тергөө башталган. БШК бийликтин басымы менен ушундай чечим чыгарды. Президенттин билдирүүсү буларга көрсөтмө болду. Ал эми Момбековдун диплом маселеси бүгүн эле пайда болгон жок. Ал шайлоого катышкан, демек ал депутат болуп өтүп кетсе, аныкын дагы алышмак окшойт. Эми диплом текшерүү башталса, алгач президенттин өзүнүкүн караш керек. Ал юридикалык факультетти бүткөм деп жатат. КРСУнун эки жылдыгын же алты жылдыгын бүткөнбү, ким билет? », - деди Соорокулова.

Коомчулуктагы сын пикирлерден улам Кыргыз-Орус Славян университети билдирүү таратып, президент Садыр Жапаров аталган окуу жайдын юридикалык факультетин 2006-жылы сырттан окуп бүткөнүн билдирди. Окуу жайдын ректору Владимир Нифадьев Жапаров дипломдук ишин мыкты жактаганын маалымдады.

"Ал 2006-жылдын 19-майында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук макамы" деген темадагы дипломдук ишин "эң жакшы" деген баага жактаган", - деди Нифадьев.

Саясатчы мыйзамды сакташы керек

Буга чейин президент Садыр Жапаров ар кандай иштер менен суракка чакырылып жаткан саясатчылар боюнча жооп берген.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына маек куруп, "коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек" деген пикирин айткан.

"Өздөрү кылмыш кылып, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат? 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? "Колуң менен кылганды мойнун менен тарт" дейт кыргызда", - деген Жапаров.

Саясат талдоочу, Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев саясатка аттангандар талап кылган мыйзамдарды кынтыксыз аткарышы керек экенин белгилейт.

Акматалиев мыйзамдардын аткарылышын талап кылуу милдетин моюна алган эл өкүлүнүн кайсы документи болбосун шек жаратпашы керек дейт.

"Ачык коомдо жашап жатабыз, чоң саясатка баратканда мурдагы жаап-жашырганы ачыкка чыгып калышы мүмкүн деген нерсени эске тутушубуз керек. Диплом боюнча, мыйзамга төп келиши абзел. Анда мыйзамды өзгөртүү керек. Чын эле ошондой экенин билип туруп саясатка баратканы туура эмес", - деди Акматалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 24-январдан тарта президенттик аппараттан баштап, бардык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди, парламент, жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарынын диплому текшериле турганын жарыялаган.

Атайын кызмат жасалма документтери бар мамлекеттик жана бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз эрки менен бошотууга чакырды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жапырт диплом текшерүү саясатын колдойт. Ал айрыкча аткаминерлердин жогорку билими боюнча шек саноолор коомчулукта бышып жетилгенин белгилеп, башкаларга сабак болушу керек деди.

"Мен текшерүүгө туура эле баа берип жатам. Беш-алты жылдан бери эл арасында жасалма дипломдор, «дипломдуу көк мээлер» көбөйүп кеткени жөнүндө катуу сөз болуп жаткан. Орозайым Нарматова деген кыздын айланасындагы маселе ушундай текшерүүгө түрткү берди. Себеби, бул көйгөй бир күнү жарылмак. Мен өмүр бою билим берүү тармагында иштеген киши катары диплом текшерүүнү туура деп эсептейм", - Осмоналиев.

Эл өкүлүнүн диплому канчалык маанилүү?

2021-жылы кабыл алынган жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. Диплом чырынан улам, «эл өкүлүнүн жогорку билими болушу керекпи деген суроо» социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан учур.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлануу ириде элдин тандоосу экенин белгилеп, диплом талап кылууну туура эмес деп эсептейт.

"Мага диплому барбы же жокпу баары бир. Ал деген татыктуу болуп шайлангандан кийин депутат болушу керек. Аны эл шайлады. Диплому барбы деген суроо болбошу керек. Ал элдин өкүлү болду", - деди укук коргоочу.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу чыры буга чейин да катталган. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып айып төккөндөр да болгон.

Буга чейин парламенттик шайлоонун астында Ош шаарынын мурдагы мэри, учурда "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон Таалайбек Сарыбашевдин дипломуна байланыштуу маалыматтар чыккан. Анын 1995-жылы Ош техникумун аяктаганы тууралуу документи жасалма экени айтылган. Сарыбашев 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинде юридикалык билим алганын да билдирген.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Брановицкий

Продвижение Песен, Музыки, Стихов ВКонтакте. Способы и методы увеличения прослушивания песни, музыки, стихов ВКонтакте.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Киев

Мечтающего по победе Киева Макаревича* проверят на экстремизм



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России