Коронавирустан дагы үч киши каза болуп, 787 кишиден жаңы аныкталды
Соңку бир күн ичинде (23-январга карата-ред.) Кыргызстанда коронавирус 787 адамдан жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги вакцина албаган үч бейтап каза болгонун билдирди. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (512 адам).
Чүй облусу – 154
Жалал-Абад облусу – 42
Баткен облусу - 29
Ысык-Көл облусу – 20
Талас облусу - 11
Ош облусу – 9
Нарын облусу - 5
Ош шаары - 5
Акыркы суткада 486 адам илдеттен сакайып чыкты. 1162 бейтап ооруканада, 7 миңдей адам үйүндө дарыланууда.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 195 миңден ашты, 2848 бейтап каза болду. 183 миңдей киши сакайып чыкты.
Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн, Бишкек "кызыл зонага" кирген.