Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Ташиев төкмө акын Болот Назаровдун канынан баңгизат чыкканын билдирди

0
Ташиев төкмө акын Болот Назаровдун канынан баңгизат чыкканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы брифингде иликтөөчү журналист Болот Темитровдун кармалышы жана анын төкмө акын, комузчу Болот Назаров менен байланышы тууралуу билдирди. Анын айтымында, баңгизатка байланыштуу төкмө акын Назаровго каршы жазылган арызда Temirov LIVE каналынын кеңсеси көрсөтүлгөн.

"Болот Назаров Темировдун досу окшойт, дайыма чогуу иштейт экен. Ал дайыма баңгизат колдонот экен. Колдонгондо дагы бурбулятор менен колдонот экен, мен деле силер менен кошо видеодон көрдүм. Ал таза эмес, хмиялык зат. Бишкекте бул көбөйүп кетти. Ошол Болот Назаровдун үстүнөн арыз түшөт, Назаров ошол кеңседен алып чыгып, таратылып жатат деген арыз болот. Ошону милиция карабай койгонго болбойт. Ошонун негизинде кармалды. Назаровду жана анын жанындагы кызды алып барып текшергенде, канынан баңгизат чыккан. Алар дайыма колдонуп жүрүшкөн. Болот Темировдун канынан чыкпаганына сүйүнүп жатам. Темировду камабай, сыртка чыгарып коюп иликтөө жүргүзө берет деген ойду айктым келет. Мен дагы ушуга аракет кылам", - деди Ташиев.

22-январда төкмө акын Болот Назаровдун дайыны чыкпай жатканы Интернет булактара чыга баштаган. Кийин аны менен бир кыздын бөтөлкөдөн бир зат жыттап жатканы тартылган видео социалдык тармактарга чыккан. Милиция бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Акын Болот Назаров бийликти сындап, коррупциялык иштерди ырга салып төгүп жүргөн.

22-январдын түнү күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Ал маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын "Азаттыктын" журналистине айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат 23-январда берилерин билдирген. Азырынча расмий маалымат айтыла элек.

Бул окуялардын алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналы "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Ал иликтөөдө көрсөтүлгөндөй, Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген. Журналисттер эл аралык OCCRP уюмунун жардамы менен "Регион ойл" компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди алышкан. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына экспорттойт.

"Жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүп, 37 млн сом айырма алабыз. Башкача айтканда, ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын экспорттоо менен киреше табат – бул эки күндүн ичинде", - деп айтылат иликтөөдө.

Кийин "Регион ойл" компаниясынын жетекчиси Назгүл Айдарова ишкананын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин четке каккан.

Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтып, иликтөөдө айтылган маселелер ошол жерде ишкерлердин жумуштары экенин билдирди. Ал жерде ондогон компания иштей турганын, алар мындан кийин дагы ишин уланта берерин кошумчалады. Ошондой эле журналисттерди ошол жерге барып, көрүп келүүгө чакырды.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Производство одежды в Москве за последние пять лет выросло в 62 раза





Москва

Компании Группы "Интеррос" взяли ряд наград премии FINAWARD


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Производство одежды в Москве за последние пять лет выросло в 62 раза



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Элджей

Члены «Русской общины» требуют отменить концерт Элджея в Новосибирске




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортивные прогнозы на OnlyBet

ЦСКА шагнул к трофею // Команда обыграла УНИКС в первом матче финала Единой лиги ВТБ

Only Bet – бесплатные прогнозы на спорт


Ролан Гаррос

Теннисист Рублев вышел во второй круг Открытого чемпионата Франции



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Настроение

Бузова и "Зенит"



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России