Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2022

ӨКМ жаңжал чыккан жерден элди чыгарууга техника жөнөтүлгөнүн билдирди

0
ӨКМ жаңжал чыккан жерден элди чыгарууга техника жөнөтүлгөнүн билдирди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Баткендин Орто-Боз, Рават айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуациялана баштаганын билдирди.

"Учурда Баткен облусунун Ак-Татыр, Орто–Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жашоочуларын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар жеке менчик унаалары менен эвакуациялап жатат. Ошондой эле Смаркандек айылында эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. Лейлек району Кулунду айыл аймагында, Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Аксай айылына ӨКМдин куткаруучулары жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо максатында төрт КамАЗ, эки спринтер жана пикап унаалары менен чыгып кетти",-деп айтылат ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев азыркы тапта чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерде жүргөнү айтылды. Бул тууралуу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев маалымат берди.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан окуя чыккан айылдардагы элди коопсуз жакка көчүрүү иштери да уюштурулууда. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев азыр Самаркандек айылында жүрөт. Азырынча кырдаал өзгөргөн жок", - деген Тулаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев маалымдады.

Чек ара кызматынын бир аз мурда тараткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу "Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатат".

Кыргыз тарап чек ара жаңжалы тажикстандык жарандар Төрт-Көчө аймагын жаап алгандан кийин тутанганын билдирүүдө.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Айрым тажик басылмалары күч түзүмдөрү жана жайкын тургундар арасында жарадар болгондор бар экенин жазууда. Баткендеги ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргыз тараптан жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. (BCh)





Губернаторы России
Москва

Мэр Москвы Собянин сообщил об уничтожении беспилотника над Подольском





Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

«У каждого своя история»: мама Тимати ответила на нападки подписчиков после публикации о любви к дочке рэпера




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки


Андрей Рублёв

В России назвали подвигом победу Рублева на "Мастерсе" из-за болезни



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России