Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймакта кар жаайт
Синоптиктердин маалыматына караганда, 30-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болот. Ойдуң жерлерди туман каптайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;
Бийик тоолордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -10…-15;
Бишкекте түнкүсүн кар себелеши мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +3…+5 градус болот.