Освенцимди бошотууга катышкан советтик аскер дүйнө салды
Германияда Освенцим концлагерин бошотуу операциясына катышкан советтик аскер Давид Душман 98 жашында дүйнө салды. Ал экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кызыл армиянын катарында кызмат өтөгөн. Сталинград жана Курск салгылаштарына катышып, үч жолу жараат алган. Маркум сөз болуп жаткан операцияга катышкан советтик жоокерлердин акыркы көзү тирүүсү эле. 1945-жылы 27-январда 21 жаштагы Душман башкарган танк Освенцимди курчаган электр тосмону бузуп кирген. Согуштан кийин Давид Душман фехтования боюнча СССРдин чемпиону болгон. Читать дальше...