Догоев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Дастан Догоев Давлетович президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Дастан Догоев 14-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан өз ыктыяры менен кеткен. Кызматтан кетүү чечимин ал жеке жагдайына байланыштуу кабыл алганын маалымдаган. Догоев Мамкаттоонун башчылыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган. (ErN)