Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 17.06.2018

Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагерине барды

Azattyk.org 

Улуттар уюмунун Качкындар агенттигинин атайын чабарманы, белгилүү актриса Анжелина Жоли Ирактын түндүгүндөгү сириялык качкындардын лагерине барды. Голливуддун жылдызы 33 миң киши баш калкалаган Домини лагеринде качкындардын үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, турмуш шарттары менен таанышты. Анын алдында актриса ирактык аскерлер экстремисттерден кайтарып алган Мосул шаарында болгон. Жихадчылар калааны үч жыл мурун басып алып, негизги таянычына айландырышкан. Ал жердеги кармаштарда 900 миңдей киши өлгөн. Читать дальше...



Афина-Скопье: тарыхый келишимге кол коюлду

Azattyk.org 

Грекия жана Македониянын тышкы иштер министрлери мурдагы югославиялык жумурияттын аталышын өзгөртүү боюнча тарыхый келишимге кол коюшту. Анын алдында грек өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселеси козголуп, бирок көпчүлүк парламентарийлер премьер-министр Алексис Ципрасты колдошту.

Афины-Скопье: тарыхый келишимге кол коюлду

Azattyk.org 

Грекия жана Македониянын тышкы иштер министрлери мурдагы югославиялык жумурияттын аталышын өзгөртүү боюнча тарыхый келишимге кол коюшту. Анын алдында грек өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселеси козголуп, бирок көпчүлүк парламентарийлер премьер-министр Алексис Ципрасты колдошту.

Ооганстандагы жардыруу бери дегенде 18 кишинин өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

Ооганстандын Нангархар провинциясында жанкечтинин жардыруусунан жекшембиде кеминде 18 киши өлдү. Губернатордун басма сөз катчысы Атаулла Хогияни Жалалабад шаарында болгон кол салуудан отузга жакын киши жараланганын билдирди. Жергиликтүү бийлик имаратынын жанында болгон жардырууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Маалыматтарга караганда, ал маалда талиб согушкерлери, ооган бийлик өкүлдөрү жана аскер адамдары менен карапайым эл чогулган. Талибдер буга чейин Кабул өкмөтүнүн орозо айында зордук-зомбулукту токтотуу сунушуна макул болушкан. Читать дальше...

ФИФА: Ирандык аялдарды колдогон баннерлерге уруксат берилген

Azattyk.org 

ФИФА футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан Орусиядагы стадионго илинген баннер алдын ала жактырылганын билдирди. Баннерлер Ирандагы аялдарга эркектер менен бирге стадиондорго барып футбол көрүүгө уруксат берүүгө үндөйт. ФИФА адатта оюндар маалында саясий билдирүүлөрдүн спорттон ажыратылышын колдоорун, бирок бул ирет Иран Марокко менен беттешип жатканда пайда болгон плакатты “социалдык чакырык” катары бааларын белгиледи. Эки баннер 15-июнда Санкт-Петербурдагы стадиондо илинген. Иран бийлиги... Читать дальше...



Чыңгыз: 2-3 гана саат уктагам

Azattyk.org 

Москванын борбордук бөлүгүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кетип, сегиз киши жарадар болду. Айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз алгачкы сурак маалында адамдарды кокустан сүзүп алганын, машинени башкара албай калганын билдирген. Тергөөчүнүн “окуя болоорго чейин канча саат рулда болдуңуз?” деген суроосуна “Чынын айтсам, 20 сааттай” деп жооп берди жана ага чейин 2-3 гана саат уктаганын билдирди.

Мигранттардын кемесин Валенсияда тосуп алышты

Azattyk.org 

Африка, Ооганстан, Пакистан, Бангладеш жана башка өлкөлөрдөн чыккан мигранттарды ташып бараткан “Аквариус” кемеси Испаниянын жээгине жетти. Валенсия шаарында жекшемби күнү аларды 2 миңдей киши түрдүү тилдерде “Кош келдиңер” деген плакаттар менен тосуп алышты. Ошол 630 мигрантты кабыл алуу маселеси европалык шериктер ортосунда чоң талаш-тартышка алып келди. Ливиянын жээгинде куткарылган мигранттарды франциялык гуманитардык кеме өткөн жумада өз бортуна алган. Бирок Италия жана Мальта өкмөттөрү... Читать дальше...

Кыйноого каршы футбол турнири өттү

Azattyk.org 

17-июнда Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында Кыйноонун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата футбол турнири өттү. Ага мамлекеттик органдардан, медиа өкүлдөрүнөн жана өнөр адамдарынан куралган 16 команда катышты. Турнирди быйыл бешинчи жолу Кыйноого каршы коалиция уюштуруп жатат.

Москва: Жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы оор эмес

Azattyk.org 

Москвада кыргыз жараны айыптуу деп жаткан жол кырсыгына кабылган адамдардын баарынын абалы оор эмес. Бул тууралуу Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, жабыркагандардын саны сегиз адам: жетөөнүн абалы канааттандырарлык, бир аял орточо оор абалда. Баары тең текшерип, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жаткырылды. Айрым маалымат булактары алардын экөө өз өлкөсүнүн футбол командасын сүрөгөнү барган мексикалык жаран, бирөө украиналык экенин жазып жатышат. Читать дальше...

Москва: Жол кырсыгынан жабыркагандардын баарынын абалы кооптуу эмес

Azattyk.org 

Москвада кыргыз жараны айыптуу деп жаткан жол кырсыгына кабылган адамдардын баарынын абалы кооптуу эмес. Бул тууралуу Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, жабыркагандардын саны сегиз адам: жетөөнүн абалы канааттандырарлык, бир аял орточо оор абалда. Баары тең текшерип, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жаткырылды. Айрым маалымат булактары алардын экөө өз өлкөсүнүн футбол командасын сүрөгөнү барган мексикалык жаран, бирөө украиналык экенин жазып жатышат. Читать дальше...

Жамбылда поезд кырсыгынан өспүрүм каза болду

Azattyk.org 

Казакстанда бүгүн жүргүнчү ташыган поезд кырсыкка кабылып, бир өспүрүм каза тапты. Жамбыл облусунда болгон бул окуяда дагы үч адам түрдүү жараат менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Руслан Иманкулов билдирди. Астана-Алматы каттамы боюнча бараткан поезддин сегиз вагону рельстен чыгып кеткени кабарланууда. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия териштире баштады. (RK)

Трамп Венгриянын чек ара коопсуздугун талкуулады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын бул кызматка кайра шайланышы менен куттуктады. Ошону менен катар Венгриянын тышкы чек арасын бекемдөө маселесин талкуулады. Трамп да, Орбан да иммиграциялык саясат жана чек ара коопсуздугу боюнча бекем позицияда турушат. Өткөн аптада Венгриянын өкмөт башчысы качкындардын жана мигранттардын Европага агылган жаңы толкунун “пайда табуу үчүн атайын жасалган аракет” деп атаган болчу. Айрым маалымат... Читать дальше...

Балдар үчүн Балмуздак фестивалы

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте Балмуздак фестивалы өтүп жатат. Төрт жылдан бери уюштурулуп келаткан иш-чарага балмуздак чыгарган жергиликтүү фирмалар катышууда. Фестивалда миңден ашуун кишиге балмуздак акысыз берилип, тогуз сааттык концерттик программа тартууланууда. Андан сырткары балдар катышкан түрдүү сынактар, квест-оюндар уюштурулуп жатат.

Аязда ысык, аптапта салкын кылчу кементай

Azattyk.org 

2 миллион математиктей эсеп чыгарчу суперкомпьютер. Байыркы полинезиялыктар мыкты инженер болушканы аныкталды. Ысыкта салкын, суукта ысык, түндө жарык кылчу кийим. Наристе ара төрөлүүсүн алдын ала айтчу жаңы усул.

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34 Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34, Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35, Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...12, күндүз 22...27, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2... Читать дальше...

Скопье менен Афины Македониянын жаңы аталышы тууралуу макулдашууга кол коюшту

Azattyk.org 

Македония менен Грециянын тышкы иштер министрлери мурдагы югославиялык республиканын жаңы аталышы тууралуу макулдашууга кол коюшту. Иш-чарага эки өлкөнүн өкмөт башчылары, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышты. Скопье менен Афинынын ортосундагы 27 жылдык талашка чекит койгон макулдашууга ылайык Македония эми Түндүк Македония Республикасы деп аталат. 1991-жылы Югославия ыдыраганда анын бир бөлүгү "Македония Республикасы" деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө... Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

«Я не справляюсь»: мать Тимати пожаловалась на истерики и слезы 10-летней внучки





Rss.plus
#123ru.net

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» ПРАВИТ МИРОМ?! Раскрыт реальный смысл Мавзолея на Красной площади России в Москве.




Установки «Ярс» вернулись на место постоянной дислокации после парада Победы

Суд заключил под стражу водителя влетевшего в Троицкий мост Петербурга Porsche

Астрологи назвали пять знаков зодиака, которые никогда не извиняются

«Решилась на лекарства»: у Бородиной начались проблемы после частых перелетов




Киевде ЛГБТ уюмдарынын маршы өттү

Azattyk.org 

Украинанын борбор шаары Киевде ЛГБТ уюмдары бүгүн "Киев Прайд - 2018" маршын өткөрүштү. Уюштуруучулар “Теңдик маршы” деп атаган иш-чарада “Биздин позиция – эркиндик!”, “Адам укугу – баарынан жогору турат” деген ураандар айтылды. Акцияга болжол менен эки миңдей адам катышканы айтылды. Аларды ошончо эле полиция жана улуттук гвардиячы кайтарып турду. Ага чейин радикал уюмдар бул иш-чараны үзгүлтүккө учуратарын айтып чыгышкан. Марш аяктагандан кийин анын катышуучулары "Рахмат, полиция! Рахмат,... Читать дальше...

Өрүктүнүн жүрөк өйүткөн мектеби

Azattyk.org 

Ысык-Көл районундагы Өрүктү айылынын Ишенбек Бейшенбаев атындагы орто мектебинин окуучулары ураганы калган мектепте билим алып жатышат. 11 жылдык бул мектепте азыр 140 бала окуйт. Мектеп көйгөйүн көтөрүп келаткан айыл активисттеринин үнүн уккан киши жок.

Бишкекте балмуздак фестивалы өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте Балмуздак фестивалы өтүп жатат. Быйыл төртүнчү жыл уюштурулган иш-чарага балмуздак чыгарган жергиликтүү фирмалар катышууда. Фестивалдын жүрүшүндө 1000 кишиге балмуздак акысыз берилип, тогуз сааттык концерттик программа тартууланууда. Андан сырткары балдар катышкан түрдүү сынактар, квест-оюндар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна иш-чаранын уюштуруучусу, “Show Time” борборунун жетекчиси Олеся Семикоз билдирди. Балмуздак фестивалы биринчи жолу 2015-жылы өткөрүлүп, анда катышуучуларга 100 кг торт таратылган. Читать дальше...

ТИМ: Москвадагы жол кырсыгына шектүүнүн иши объективдүү тергелишине аракеттенебиз

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчилик Москвада жол кырсыгына айыпталып жаткан кыргызстандык жарандын иши объективдүү тергелишине болгон аракетин көрөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемесинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. Ал “Кармалган жараныбызга сөзсүз түрдө укуктук-консультациялык жардам көрсөтүлөт” дейт: - Кыргызстандын жаранынын катышуусу менен болгон окуядан кийин Москвадагы элчилигибиз аны менен байланышып, тиешелүү укуктук-консультациялык жардам берүүгө аракет кылып жатат. Читать дальше...

Кореядагы кырсык мигранттын милдетин эске салды

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда жол кырсыгынан кийин ооруканада каза болгон тажикстандык Нурмухаммад Жалаловдун сөөгүн жакындары медициналык кызматтар үчүн ал өлкөгө 21 миң доллар төлөгөн соң гана алышты. Анткени мигрант жигиттин бул өлкөдө жашап, дарыланууга жол берген медициналык камсыздандыруу документи болгон эмес.

Жалал-Абад милициясы Москвадагы жол кырсыгына шектүү тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Москвада жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан адам мурда кылмыш жообуна тартылган эмес жана издөөгө да алынган эмес. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков бүгүн тараткан маалыматта Анарбек уулу Чыңгыз 28 жашта экени, Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулганы, 2003-жылы үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келгени айтылат. “Ага чейин Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Кашка айылында ата-энеси менен чогуу жашаган. 2013-жылы аксылык кызга үйлөнүп, эки кыздуу болгон. Читать дальше...



Москва

Озоновые Дыры: Вызов современности, Взгляд Романа Терещенко


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы Собянин сообщил об уничтожении беспилотника над Подольском



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Почетный гражданин: Булату Окуджаве — 100 лет!




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки


Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова вылетела с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Helldivers 2 players' new battle: A petition for the reinstatement and 'canonization' of community manager fired for supporting review bombing and refunds



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России