Бишкектин Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сейилбак ачылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ал жерге беш жарым миңден ашуун бир жылдык гүл көчөттөрү, декоративдүү өсүмдүктөр тигилип, отургучтар коюлду. Аймагы 1890 чарчы метр. Расмий кабарга ылайык, ал жерде мурда курулуш материалдары сатылып, бир бөлүгү мыйзамсыз автопарк катары колдонулуп жүргөн. (SE)
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 14-июнда Москванын "Лужники" стадионунда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына 17 өлкөнүн лидери катышарын билдирди. Москвага негизинен Латын Америкасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери келет. Алардын ичинен Сауд Арабиясынын жана Панаманын лидерлери гана мелдештерге күбө болушат. Сауд Арабиясынан тактынын мураскери, ханзада Салман Ал Сауд келсе, Түндүк Кореянын делегациясын парламент төрагасы Ким Ён Нам баштайт. Орусияда мелдештер 14-июндан 15-июлга чейин 11 шаарда өтөт. Читать дальше...
Кыргыз улуттук тарых музейин жаңылоого миллиондогон евро сарпталганын көпчүлүк “Ата Мекен” фракциясынын 25-майдагы көчмө жыйынында гана билди. Бирок биз колубузга тийген документтердин негизинде музейди 24-майда эле тасмага тартып алганбыз. Көрсө музейдеги эмерек-жабдыктардын асман чапчыган бааларын музей кызматкерлери өздөрү деле билбейт экен. "Ыңгайсыз суроолор" берүүсү бул чыгарылышта тарых музейине сарпталган миллиондордун чоо-жайын иликтеди.
Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили өзү жетектеген кабинет менен чогуу кызматтан кетти. Ал миллиардер Бидзина Иванишвилинин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен «кескин пикир келишпестиктен» улам ушундай чечимге келгенин түшүндүрдү. 13-июнда Квирикашвили атайын маалымат жыйын өткөрдү. 50 жаштагы Квирикашвили грузин өкмөтүн 2015-жылдан бери жетектеп келди. 31-майда Тбилисиде нааразылык митингдери башталды. Буга былтыр декабрда киши колдуу болгон эки өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөдө... Читать дальше...
Жогорку сот 13-июнда беш жыл мурда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде камалган саясатчы Садыр Жапаров боюнча мурдагы чечимдерди күчүндө калтырды.
Ушул тапта оюнчулардын дагы, футбол сүйүүчүлөрдүн дагы жүрөгү дүкүлдөп, саат санап жаткан кез. Анткени эртең футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорунун ордуна мурда сунушталып келген "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат. Анын алкагында жыл аягына чейин Бишкек шаарындагы жолдорго көзөмөл камералар орнотулуп, долбоор ишке кирерин убада кылышты. Эми ал долбоор унутулабы же уланабы? Бул суроолор “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууланды. Талкууга Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов, “Таза коом” долбоорунун экс-координатору Талант Султанов... Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамп эми Түндүк Корея дүйнөгө "коркунуч" жаратпай турганын айтты. Бул тууралуу америкалык лидер Твиттердеги баракчасына жазып, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу кызыктуу өткөнүн дагы белгиледи. Трамптын айтканына караганда, ал президенттик кызматка келгенде элдин баары "Корей жарым аралында согуш башталат" деп күткөн. Ага чейинки президент Барак Обама «Түндүк Кореяны өтө чоң жана коркунучтуу көйгөй» деп атаган. "Эми Түндүк Кореянын келечеги кең, андыктан... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 14-июнда кечке жуук көрсөтмө берип чыккан мурдагы премьер-министр Темир Сариев сурак мыйзам чегинде болгонун билдирди. Темир Сариев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылды. Сариев "Азаттыкка" билдиргендей, экономика министри болуп турган кезде "ЖЭБди оңдоп-түзөөдө тендер өткөрүү керек жана ага чоң тажрыйбасы бар уюмдар гана катышуусу зарыл" деген көз карашты карманганы боюнча көрсөтмө бергенин айтты. Читать дальше...
"Айтматовдун чыгармачылыгы, басып өткөн жолу дагы деле ойдогудай изилдене элек, каармандарынын чыныгы сырлары аягына чейин ачыла элек", - дейт жазуучунун замандашы, Кыргыз эл баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев. Бишкектеги студиябызда Бексултан Жакиев менен Венера Сагындык кызы маектешкен.
3-июнда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган.
"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка (УКМК) бүгүн сурак берип чыкты. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2012-жылы “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда буюм сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдин баасы атайылап жогорулатылып... Читать дальше...
2026-жылы футбол чемпионаты кайда өтөрү белгилүү болду. Бул тапта чемпионат өтчү стадиондорго жакын жашаган орусиялыктар терезесин ачып, балконго баш бага албай калганы турат. Өзбекстандын президенти абактагы 200дөн ашуун кишиге ырайым берди.
Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Буга "жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароого негиз жок" деген жүйө келтирилди.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Ушул тапта атайын кызматта көрсөтмө берип жатканын УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди: -Темир Сариев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылды. Бишкектеги Жылуулук электр борборунда быйыл кышында авария болуп, калаа эли бир жума жылуулуксуз калган. Андан соң аталган мекемени оңдоп-түзөөдө мыйзам бузуулар аныкталып... Читать дальше...
13-июнда Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов маалымдады: - Соттун чечими күчүндө калды. Камакка алууга эки негиз бар - сыртка чыкпоо шартын бузса же жаңы айып угузулса. Экөө тең бузулган жок. Бул чечим мыйзамсыз. Сот жыйынына журналисттер киргизилген жок. Бишкек шаардык сотунунун имаратында Исаковдун жыйырмага жакын тарапташтары чогулуп турду. Камакка алынган... Читать дальше...
1991-жылдын май айы эле. Мен анда Минск шаарында политология жана социалдык башкаруу институтунда окуп жүргөм.
Орусиянын президенти Владимир Путин футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышынын алдында өткөн Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) конгрессинде сөз сүйлөп, уюмду “спортту саясаттан бөлүп турганы” үчүн ыраазычылыгын айтты. Путин Москвада 200дөн ашуун футбол федерацияларынын өкүлдөрү катышкан жыйында сүйлөдү. “Спортту саясатка аралаштырбай кармаганы үчүн ФИФАнын ордун белгилеп кетким келет” деген Путин “Орусия да бул эрежени дайым колдоорун” кошумчалады. Эртең Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Читать дальше...
Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов камакта отурган саясатчынын кылмыш иштеринин жаңы жагдайлары боюнча Башкы прокуратурага кайрыла турганын маалымдады. - Жаңы жагдайлар боюнча сөзсүз кайрылабыз. Жаңы жагдайлар бар. Буга чейинки берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, алардын видео тасмалары бар, - деди Токтосунов. Ал Жогорку соттун чыгарган чечимине нааразы экенин кошумчалады. Бүгүн, 13-июнда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызын карап чыгып, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Читать дальше...
13-июнда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Азаттыкка” маалымдады. Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап... Читать дальше...
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында сурак берип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматкери Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. - Албек Ибраимов буга чейинки козголгон кылмыш иштин алкагында суракка чакырылды. Учурда тиешелүү тергөө иш чаралары өтүп жатат. Тергөө бүткөндөн кийин кетет. 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы “ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү "Коопсуз шаар" долбоору боюнча Москва шаарынын тажрыйбасын колдонууну караштырып жатат.
Македония өлкөсү 27 жылдан кийин өзүнүн аталышы боюнча Греция менен мунаса тапты.
Норвегия Орусия менен чектеш аймакка жайгашкан америкалык аскер күчтөрүн эки эсеге көбөйтүүнү Вашингтондон суранат. Норвегиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери мындай чечимди 12-июнда өзүнүн Орусия менен чек арасында чыңалуу күчөп бараткан маалда жарыялашты. Өткөн аптада НАТОго кирген тогуз өлкө Орусиянын агрессиясынан улам аймакта аскер контингентин көбөйтүүнү сүйлөшкөн. Америкалык 330 деңиз аскери Норвегиядан ушул жылдын этегине чейин чыгып кетүүнү пландаган. 2017-жылы келген америкалык... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости