Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 08.06.2018

"Менин биринчи роботум"

Azattyk.org 

Кыргызча так сүйлөп, кара жорго бийлеген калпакчан робот. Оор салмакты ойлонбой көтөргөн темир кол. Булардын баары технологияны өнүктүрүүнү максат кылган жигердүү жаштардын эмгектери. "Азаттык+" бул чыгарылышында жаш ойлоп табуучулардын роботтору менен тааныштырат.

Трамп: Орусия "Чоң сегизге" кайтып келиши керек

Azattyk.org 

АКШнын президенти Доналд Трамп Орусиянын «Чоң жетиге» кайтышын жактайт. "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу америкалык лидер 8-июнда Канадага аттанарда билдирди. Ал жерде өнүккөн 7 өлкөнүн жетекчилери эки күндүк саммитке чогулушууда. Крымдын аннексиясынан кийин, 2014-жылы Орусиянын бул уюмдагы мүчөлүгү убактылуу токтотулган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия башка форматтагы уюмдарга көбүрөөк көңүл бураарын айтты. "Саясий жана экономикалык абал өзгөрүп жаткан кезде "Чоң жыйырма" өңдүү уюмдар маанилүүрөөк"... Читать дальше...



Соттолгон саясатчылар: талаштуу чечим

Azattyk.org 

Жарандык коомдо саясий себептер менен козголгон кылмыш иштерине карата соңку соттук өкүмдөргө байланыштуу сот тармагында өзгөрүү болбой жатканы боюнча нааразылыктар чыкты.

Австрияда жети мечит жабылат

Azattyk.org 

Австрияда жети мечит жабылып, ондогон имамдар өлкөдөн чыгарылат. Франция парламенти мектеп окуучуларына уюлдук телефон колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.

Австрияда 7 мечит жабылат

Azattyk.org 

Австрияда 7 мечит жабылып, ондогон имамдар өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу 8-июнда Венадагы басма сөз жыйынында канцлер Себастьян Курц билдирди. “Биздин өлкөдө жанаша коомдорго, саясий исламга жана радикалдык тенденцияларга орун жок” деген Курц буга мечиттер 2015-жылы кабыл алынган мыйзамды бузушканы себеп болгонун кошумчалады. Сөз болуп жаткан документте мусулмандар Австриянын коомдук эрежелерин сыйлап, өлкөнүн принциптерине баш ийиши зарыл экени белгиленген. Өлкөнүн ички иштер министри Херберт... Читать дальше...

КСДПнын саясий тагдыры талкууда

Azattyk.org 

КСДПнын айланасындагы соңку окуялар бул партиянын мындан кийинки саясий тагдыры, Жогорку Кеңештин фракциясындагы ажырым тууралуу сөздөрдү кызытты.

Испанияда аял-министрлер үстөмдүк кылган өкмөт ишин баштады

Azattyk.org 

Испанияда 11 аялдан жана 5 эркектен куралган жаңы министрлер кабинети ишке киришип, жума күнү алгачкы жыйын өткөрдү. Алдыңкы күнү премьер-министр Педро Санчес тарабынан көрсөтүлгөн министрлер падыша Фелипе VI алдында ант беришти. Бул Европадагы аял-министрлер үстөмдүк кылган алгачкы өкмөт болуп калды. Швеция өкмөтүндөгү министрлердин 12си аял, 11и эркек. 1-июнда өлкөнү жети жылдан бери жетектеп келген Мариано Рахойго парламент ишеним көрсөтпөй койгон. Анын ордуна социалисттердин лидери, 46 жаштагы Педро Санчес бекитилген. Читать дальше...



Сания Шакирова каза болгон кырсык боюнча маалыматты милиция четке какты

Azattyk.org 

“Дүйнө сулуу айымы” конкурсунун байге ээси Сания Шакированын өлүмүнө "милиция кызматкери күнөөлүү" деген маалыматты Ысык-Көл милициясы четке какты. Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча кырсыкка кабылган унаанын рулун башкарып бараткан айдоочу милиция кызматкери болгон эмес. - "Унааны айдап бараткан 31 жаштагы жаран милиция кызматкери" деген божомолдор айтылууда. Бул божомолду биз расмий түрдө четке кагабыз. Ал милиция кызматкери эмес. Читать дальше...

9-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

9-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31; Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31; Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24; Нарында түнкүсүн 7...12... Читать дальше...

Путин: Орусия азырынча Сириядан кетпейт

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин орус күчтөрү азырынча Сириядан чыкпай турганын ишара кылды. Ал бейшембиде түз эфирде орусиялыктардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы операцияларды өлкө армиясы үчүн мыкты тажрыйба деп атады.

"Чоң жетинин" саммити жана соода талашы

Azattyk.org 

"Чоң жети" тобуна кирген мамлекеттердин лидерлери бүгүн-эртең Канадада саммитке чогулууда. Жыл сайын болуучу жогорку жыйын быйыл соода талаштарынын шартында өткөнү турат. Кошмо Штаттар айдын башында өзүнүн саясий жана соода өнөктөрүнүн болоту менен алюминийине каршы жаңы бажы салыгын киргизип, экинчи тарап да жооп чарага барарын жарыялаган. Мындан улам өнөктөштөр ортосунда соода согушу чыкпайбы деген кооптонуулар да пайда болгон.

Аш-тойдон Анкарага качтым

Azattyk.org 

Базар күн эле. Анкаранын Кызылай аянчасында отурам. Адатта бул күнү Кызылайга кыргыз көп чогулат.

УКМК: Шадиевге таандык деген "Ала-Арча" соода борбору боюнча тергөө бүткөн соң маалымат берилет

Azattyk.org 

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкү боюнча тергөө аяктай элек. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, экс-вице-премьердин камакка алынган айрым мүлкү боюнча суроолорго жооп берилет. Буга чейин кылмыш иши козголгон Аскарбек Шадиевдин 25 банктык эсеби жана жакындарына катталган бир нече компания камакка коюлганы кабарланган. Алардын арасында "Трейд инвест" жана "Бината" фирмалары бар болчу. Бирок бул ишканаларга караштуу... Читать дальше...

Макрон Трампты соода согушун тутантпоого чакырды

Azattyk.org 

Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШнын президенти Доналд Трампты “шериктер ортосунда соода согушун баштабоого” чакырды. Макрон ошондой эле Трамп "Чоң жетиде" изоляцияга туш болуп калышы ыктымал экенин эскертти. “Америкалык президент, балким, обочодо калышын көзгө илбейт, бирок биз да 6 өлкө ортосунда келишимге кол койсо коебуз”, - деди француз мамлекет башчысы Канадада башталып жаткан саммиттин алдында премьер-министр Жастин Трюдо менен жолугушуудан кийин. - "Чоң жыйырманын" калган 6 мамлекети чыныгы эл аралык күч... Читать дальше...

Талас: телефон уурдаган келин алты жылга кесилди

Azattyk.org 

Таластын 30 жаштагы тургуну телефон уурдаганы үчүн алты жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Манас райондук соту кабарлады. Маалыматка ылайык, Манас районунун Покровка айылынын тургуну буга чейин төрт жолу негизинен уурулук кылып эркинен ажыратылган. Бул жолу да чөнтөк телефон уурдалганы үчүн 17-майда алты жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болду. Учурда облустагы аялдар колониясында жазасын өтөт жатат. (AlS)

Максат айылына кирген Тажикстандын жарандары чыгарылды

Azattyk.org 

8-июнь күнү Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Максат айылынын Тажикстан менен чек арада турган талаштуу футбол аянтына тажикстандык жарандар түшкө жуук келип, аянтты иретке келтирүү иштерин баштаган. “Жарандар футбол талаасынын чиймелерин оңдоп, таштандылардан, чөптөн тазалай баштаган учурда кошуна өлкөнүн чек арачылары четтен курал менен карап турушат” - деп Максат айыл тургундары “Азаттыка” билдиришти. Мындай учур болгонунун Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы “Азаттыка” тастыктап... Читать дальше...

Депутат Рыскелди Момбековдун агасы каза болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун агасы Дөөлөткелди Момбеков каза болду. Маалыматка караганда, 51 жаштагы Момбеков узакка созулган оорудан улам дүйнө салган. Ал 9-июнда Кара-буура районун Шекер айылында жерге берилет.

Марста жашоонун белгиси табылды

Azattyk.org 

АКШнын НАСА агенттигинин окумуштуулары Марста метандын жаңы органикалык молекуларын ачышканын билдиришти. "Рейтер" агенттиги маалымдагандай, метан планетада жашоо бар экендигинин белгиси болушу мүмкүн. Жерде ал газдын көп бөлүгүн микроорганизмдер бөлүп чыгарышат. Ачылыш "Curiosity" деген жабдуунун жардамы менен жасалды. Машина 5 жыл Марсты кыдырып, атмосферанын курамын талдаган. Натыйжада метандын деңгээли жыл мезгилине жараша өзгөрөөрү байкалган: жайында өсүп, кышында азаят экен. Метан соолуп калган көлдүн түбүндө табылган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Моргенштерн

Моргенштерн* раскрыл доход от платного телеграм-канала





Rss.plus
РПЛ

Генсек РФС Митрофанов заявил, что РПЛ не будут расширять до 18 команд




РФ выдала агреман новому послу Финляндии

Опытный и самостоятельный: в ОЭЗ «Технополис Москва» составили портрет инженера

Бастрыкин поручил наградить спасавших людей из упавшего в Мойку автобуса очевидцев

Собянин оценил развитие портала mos.ru




Коррупцияга каршы сот түзүү боюнча демилге көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда коррупцияга каршы тергөө жана сот түзүү жөнүндө демилге көтөрүлдү. Аны саясатчы Равшан Жээнбеков сунуш кылды. Анын айтымында, өлкөдө коррупцияга каршы күрөштү бейтарап жана калыс жүргүзүш үчүн ушундай орган түзүү зарылчылыгы турат. Экс-депутат учурда мурдагы бийлик өкүлдөрүнө коррупция боюнча айып коюлганы менен аларды тергөө жана сот чечим чыгаруу калыс жүрөрүнөн күмөн санагандар көп экенин билдирди.  “Бул талкуу жаратчу, эл аралык юридикалык тажрыйба. Буга чейин Атамбаевге кызмат... Читать дальше...

Сириядагы кыштакка орусиялык учактар сокку урду деп шектелүүдө

Azattyk.org 

Сирияда козголоңчулардын колундагы аймакка урулган соккудан түн ичинде бери дегенде 38 киши набыт болду. "Сирия обсерваториясы" уюму "Идлиб чөлкөмүндөгү Зардана айылын орусиялык учактар бомбалаган" деп ырастоодо. Өлгөндөрдүн арасында 5 жеткинчек бар. Укук коргоо уюмунун жетекчиси Рами Абдулрахмандын айтымында, марттын этегинен бери бир эле чабуулдан ушунча көп киши өлө элек болчу. "Курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн, жарадар болгон 50 кишинин айрымдарынын абалы өтө оор", деп кошумчалады укук коргоочу. Читать дальше...

Акыйкатчы Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырды

Azattyk.org 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырды. Акыйкатчы бул маселе боюнча билдирүүнү бүгүн таратты. АндаТунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Казакстандын Башкы прокуратурасынын жүйөлөрүн орундатуу Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин билдирген. Оторбаевдин жүйөсүндө Муратбек Тунгышбаевге Казакстанга тагылып жаткан айыптоолор Кыргызстанда мыйзам бузуу катары саналбайт. Ошондуктан, аны кылмышка шектүү катары коңшу өлкөгө өткөрүү туура эместигин Акыйкатчы институту эскертти. Читать дальше...

Путин ШКУ саммитинин алдында Кытайга барды

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин жума күнү Кытайга барды. Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдында Кытайдын лидери Си Цзинпин менен сүйлөшүүдө эки тараптуу, регионалдык жана эл аралык маселелер талкууланмакчы. Казакстан менен Кыргызстандын президенттери Бээжинге 6-июнда барышкан. Кытайдын бийлиги билдиргендей, Ирандын президенти Хасан Роухани да Бээжинге 8-июнда барат. Саммит ишемби-жекшемби күндөрү Циндао порттук шаарында өтмөкчү. Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) 2000-жылдардын башында Кытай... Читать дальше...

Молдовановкадагы абакта 59 соттолуучу ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакканда 60ка жакын соттолуучу ачкачылык жарыялады. Мындай маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бышыктады. Маалыматка ылайык, ачкачылык кармаган 59 соттолуучу абактын шартына нааразылыгын билдирип жатышат. Алардын ичинен ону ооздорун төөнөп алышты. Ал эми Кыйноого каршы улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов абактагылардын ачкачылык жарыялаганы боюнча маалымат 5-июнда келип түшкөнүн билдирди. Улуттук борбордун кызматкерлери аталган абакка барып... Читать дальше...

Болгария Орусиянын жардамы менен атомдук станция куруу планын жандантат

Azattyk.org 

Болгариянын парламенти Белене атомдук станциясын куруу планын жандандырууну жактырды. Орусиянын долбоору 5 жыл мурун каржылоонун тартыштыгынан улам токтоп калган. Андан тышкары Болгариянын бийлиги орус энергия булактарына көз каранды болуудан чочулап жатканын билдирип жүргөн. 7-июнда парламент Дунай дарыясындагы станцияны куруу планын жандандыруу жөнүндө премьер-министр Бойко Борисовдун сунушун колдоду. Курулуш октябрда уланышы күтүлүүдө. София буга чейин долбоорго 1,8 миллиард доллар сарптаган. Читать дальше...



Москва

Армяне в Великой Отечественной войне: Иван Георгиевич Магакьян


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Театр и дети, Культура и Россия: Об артисте госцирка Бурятии Саяне Дондокове




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Калужане выиграли 8 медалей на всероссийских соревнованиях по пауэрлифтингу

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Танцоры из Асбеста выступят в Москве


Энди Роддик

Энди Роддик: «У меня было несколько типов рака кожи с тех пор, как я завершил карьеру»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


РПЛ

Магомед Адиев установил рекорд в РПЛ



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России