Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 20.06.2018

Тегеранда аялдарга футболду коомдук жайда көрүүсүнө уруксат берилди

Azattyk.org 

Тегеран провинциясынын кеңеши 20-июнда билдиргендей, шаардын "Азади" жана "Тахти" стадиондоруна футбол чемпионатын көрүү үчүн аялдар да кире алат. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 24:00до Казан шаарында Ирандын курама командасы Испания менен беттешмекчи. Жаңы тартипке ылайык, аялдар бул мелдешти Тегерандагы стадиондордун үй-бүлөлөр үчүн бөлүгүнөн, парктардан жана башка коомдук жайлардан да көрө алышат. Аялдарга футболду коомдук жайлардан көрүүгө уруксат берилиши Иранда узактан бери өкүм сүргөн саясаттын кайра каралышы. Читать дальше...

Депутат Келдибаев Кадыралиевага каршы прокуратурага кайрылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев анын кош жарандыгы тууралуу билдирүү тараткан экс-депутат Ыргал Кадыралиевага каршы прокуратурага арыз берди. Бул тууралуу Келдибаев "Азаттыкка" өзү билдирди. Келдибаев Кадыралиевдин айткандарын жокко чыгарып, муну "каралоо үчүн атайылап жасалган аракет" деп атады. 20-июнда мурдагы депутат Ыргал Кыдыралиева Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, "Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин кош жарандыгы бар жана ал бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны" деп билдирген. Читать дальше...



Сатыбалдиев тергөө бүткүчө камакта калды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө эки айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Сот Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткүчө камакта калтырды (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө эки айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.  Мурдагы өкмөт башчысына бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан кылмыш ишинин алкагында айыбы расмий угузулган. Соттун имаратына кирип баратып Сатыбалдиев күнөөлүү эмес экенин билдирген: - Эч качан, эч качан күнөөмдү мойнума албайм. Читать дальше...

Тимошенко президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Azattyk.org 

Ал 2019-жылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин бүгүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди. Чечимин Украинаны “ирдентүү”, өлкөгө “реалдуу өзгөрүүлөрдү” алып келүү деп түшүндүрдү. Эгер президенттикке шайланса, Конституциянын жаңы долбоорун сунуштап, аны референдумга алып чыгарын, 2019-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык өтүүсү керектигин кошумчалады. «Батькивщина» партиясынын лидери, 57 жаштагы Тимошенко буга чейин 2014-жылкы шайлоодо азыркы президент Петро Порошенкого... Читать дальше...

Өкмөттүн арымы ишеничти актайбы?

Azattyk.org 

Өткөн аптада парламент өкмөттүн 2017-жылдагы иши тууралуу отчетун канааттандырарлык деп тапты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул жолку жыйында калың убада берди. Ошол эле учурда депутаттар өкмөттүн экономиканы көтөрүү боюнча конкреттүү кадамдарын көрө албай жатканын белгилешти. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү ушул маселени саясий илимдердин кандидаты, эксперт Орозбек Молдалиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев менен чогуу талкуулады.



КСДП: Илмияновго сүрөт 2,5 миң долларга гана сатылган

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жазылган арызга байланыштуу билдирүү таратты. Анда кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Атамбаевдин сүрөтүн 2,5 миң долларга гана сатканы, 10 миң доллар тууралуу сөз болбогону белгиленген. Билдирүүдө экөөнүн сүйлөшүүсүнө күбө бар экени да айтылат. "Эгер саткан баасы жакпаса - анда акчаны берип... Читать дальше...

"Талибан" кайра бүлүк салды

Azattyk.org 

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын чабуулунан кеминде 11 аскер мерт болду. Бул "Талибандын" өкмөт менен Айт майрамынын алдындагы утурумдук элдешүүнү токтоткондон кийинки алгачкы чоң чабуулу.

Сатыбалдиев: Мен эч качан өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бөгөт чарасын карап жатат. Ага Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан кылмыш ишинин алкагында айыбы расмий угузулду. Соттун имаратына кирип баратып Сатыбалдиев күнөөлүү эмес экенин билдирди:  - Эч качан, эч качан күнөөмдү мойнума албайм. Мунун баары болбогон, ойдон чыгарылган нерсе. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка... Читать дальше...

Македон парламенти Греция менен түзүлгөн келишимди ратификациялады

Azattyk.org 

Парламент ратификациялаган келишимге ылайык, мурда Югославиянын курамында болгон Македония эми расмий түрдө "Түндүк Македония Республикасы" деп аталат. Бүгүнкү добуш берүүдө келишимди 123 орундуу парламенттин 69 депутаты колдоду. Бирок оппозициядагы VMRO-DPMNE партиясы парламенттин жыйынына катышпай койду.  Премьер-министр Зоран Заев добуш берүүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө келишимди “тарыхый” деп баалап, ал эки тараптын тең намысына шек келтирбеген, алгылыктуу экенин белгиледи. Бирок македон... Читать дальше...

Баткенде сел жүрүп, Ош-Баткен-Исфана жолун каптады

Azattyk.org 

Бүгүн, 20-июнда саат 15:30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунда жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайдан селдин суусу ашып, Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунун 280-чакырымын (Ак-Татыр айыл аймагы) каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.  Учурда сел каптаган жерден оор жүк ташуучу автоунаалар өтүп жатышат. Мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 үйдүн жер тилкелерин сел каптаган.  Жеринде тактоо иштерин жүргүзүш үчүн райондук жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти. Читать дальше...

Кадыралиев: Шектүү акчалай операциялар Орусия, Казакстан, Кытай аркылуу жүрөт

Azattyk.org 

Акча каражаттарына байланышкан шектүү операциялар Орусия, Казактан, Кытай, көбүнчө Гонконг аркылуу жүрөт. Бул тууралуу бүгүн паралмент жыйынында Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев депутат Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал шектүү операцияларга байланыштуу азыр 70 млрд. сом боюнча суроо жаралып жатканын кошумчалады. - Шектүү операциялар боюнча 2015-жылы 100 млрд. сом өлкөдөн чыкса, 51 млрд. сом кирген. Мунун сальдосу 48 млрд. сом болуп жатат. 2016-жылы ушундай операциядан 57 млрд. Читать дальше...

Орусия БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен АКШнын чыгышын сындады

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын чечимин “өзүнүн укук коргоо беделине сокку уруу” жана “Улуттар Уюму менен анын түзүмдөрүн көзгө илбегендик” деп баалады. Буга чейин Вашингтон өз чечимин Адам укуктары боюнча кеңештин реформага муктаждыгы жана саясий жактан “бейтарап болбой жатканы” менен түшүндүргөн. Кошмо Штаттардын  БУУдагы элчиси Никки Хейлинин 19-июнда Вашингтондон билдиргенине караганда, кеңештин курамында Кытай, Конго Демократиялык Республикасы өңдүү... Читать дальше...

Эт уурдаган депутат кармалды

Azattyk.org 

Жоокерлерге жөнөтүлгөн эт-сүт, кийим-кече, курал жарак жана балдардын каты. Арменияда камакка алынган генерал-депутаттын үйүнөн мындан башка да көп нерсе табылды.

Прокуратура Ош аэропортунун бажы кызматкерлерине иш козгоду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Транспорттук прокуратурасы Ош аэропортунун бажы процесстери борборунун кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 221-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") жана 204-беренеси ("Аткезичилик") менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 2011-жылдын июнь айында Ош шаарындагы эл аралык аэропортко АН-12 учагы келип конгон. Читать дальше...


Музыкальные новости
Андрей Макаревич

Юрий Назаров: «Андрей Макаревич* на себя бы в зеркало поглядел, а не народ ругал»





Rss.plus
Бато Багдаев

Театр и дети, Культура и Россия: интервью артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова




Настя Задорожная впервые станет мамой

Клуб «Ночные волки» открыли мотосезон в столице

Грузоперевозки в РФ упали на 10% из-за проблем в расчетах с Китаем

Посол РФ сообщил о планах властей Маврикия внедрить карты «Мир»




АКШ Адам укуктары боюнча кеңештен чыкты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинен чыкты. Вашингтон өз чечимин бул кеңеш реформага муктаж болуп, Израилге карата такай бейтарап боло албай жатканы менен түшүндүрдү. Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы бул чечимди “өкүнүчтүү” деп баалады. Ал эми Израилдин премьер-министри тескерисинче кубаттады.

Сүрөтчү Илмияновго каршы УКМКга арызданды

Azattyk.org 

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) арыз жазды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” ырастады: - Арыз бүгүн келип түштү. Арыз түшкөндөн кийин ал сөзсүз түрдө каралат. Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев өз арызында Икрамжан Илмиянов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10... Читать дальше...

21-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

21-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14... 19, күндүз 28...33, Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24, Нарын облусунда түнкүсүн 5...10... Читать дальше...

Аткаминерлердин абакта козголгон дарты

Azattyk.org 

Парламентте Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу камакка алынган мурдагы мамлекеттик жетекчилердин саламаттыгы начарлап жатканы айтылып, алардын абалынан кабар алуу демилгеси көтөрүлдү.

Кыргыз коомунун сүрөттө калган көйгөйү

Azattyk.org 

Сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов саясий, социалдык көйгөйлөргө өзүнүн чыгармачылыгы менен коомдун көңүлүн буруп келет. Анын ЖЭБ, музейдеги абал боюнча тарткан сүрөтү социалдык тармактарда талкууга алынды. Койчуманов «Аку» мультипликациялык тасмасынын автору, ал элге белгилүү инсандардын сүрөттөрүн айран, топурак сыяктуу жаңы ыкмалар менен тарткан сүрөтчү катары да таанылган.

Жогорку сот “Сентябрь” телеканалынын жабылышы боюнча кассациялык арызды кайра карайт

Azattyk.org 

Жогорку сот “Сентябрь” телеканалын жабуу тууралуу Бишкектин Биринчи май району чыгарган чечим боюнча кассациялык арызды кайра карайт. Буга байланыштуу “Медиа полиси институту” арыз жазганын адвокат Акмат Алагушев “Азаттыкка” ырастады. - Арызды биз мурда эле бергенбиз. Бирок "бул туура эмес каралып, ишеним кат туура эмес түзүлдү, аныктама менен каралсын" деп калтырып койгон. Биз ошону тактап туруп кайра арыз бердик. Эми ошону карамай болду. Алагушевдин айтымында, иш Жогорку сотто 12-июлда каралат. Читать дальше...



Москва

Армяне в Великой Отечественной войне: Иван Георгиевич Магакьян


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певец

Певец Юрий Лоза обвинил в убийстве Владислава Листьева «финансовых воротил»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

"Спартак" обыграл "Краснодар" и продлил беспроигрышную серию до 7 матчей при Слишковиче

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет


WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Когда владельцам квартир приходится по закону платить за соседей, рассказал эксперт



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России