Чыңгыз Айтматовдун кентавры: Гүлсары - Танабай
Таанымал адабият таануучу Калык Ибраимовдун залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) 90 жылдыгына жана дүйнөдөн кайткан күнүнүн 10 жылдыгына карата блогу.
Таанымал адабият таануучу Калык Ибраимовдун залкар жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) 90 жылдыгына жана дүйнөдөн кайткан күнүнүн 10 жылдыгына карата блогу.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес деңизде калган мигранттарды кабыл алууга макул болду. Премьердин кеңсеси тараткан билдирүүдө Валенсия шаарынын порту 600дөн ашуун мигранты бар кемени кабыл алууга даяр экени айтылат. “Гуманитардык апаатты болтурбай, мигранттарды коопсуз жайга көчүрүү - адам укуктары жаатындагы милдетибиз” - деп жазылат билдирүүдө. Ага чейин Италиянын жакында эле кызматка дайындалган ички иштер министри Маттео Сальвини мигранттарды салган кемени Мальта кабыл албаса, ал... Читать дальше...
Коомду ойго салган “Ала качуу” тасмасы. Чыр-чатактуу мекен чегиндеги чек арачылардын жупуну турмушу. Акция маалында акындын мырзалардын намысына тийген ыр саптары. Режиссер Руслан Акундун “Көк бөрү” жаңы тасмасы. Чек арачы кызматында жүргөн үй-бүлөлөрдүн түйшүгү.
Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май 9,6 пайызга кымбаттады. Мунай ташуучулар биримдигинин маалыматына караганда, баанын эң жогорку чеги май айына туш келип, кымбаттоо 5,8 пайызды түздү.
Бүгүн 11-июнда Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагынын Ак-Жар айылында саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык автоунаа жолдорун каптаган. Бул тууралуу "Азаттыктын" Таластагы кабарчысы маалымдады. Маалымат боюнча тактоо иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүм башчысы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилери күтүлүүдө. (AlS)
ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров жетекчиликтен уруксат албай Түркияга кеткени маалым болду.
Ооганстанда ооз бекиткени жаткан жоокерлерге “Талибан” чабуул коюп, жыйырмадан ашуунун өлтүрүп кетишти. Өкмөткө берилген мөөнөт бүттү. Грузияда уулун өлтүргөндөрдү таап, жазалоо талабы менен чыккан атаны колдогон чоң митинг кайра башталды.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес деңизде калган мигранттарды кабыл алууга макул болду. Анын кеңсеси тараткан билдирүүдө Валенсия шаарынын порту 600дөн ашуун мигранты бар кемени кабыл алууга даяр экени жазылган.
"Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарына "Коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүүдө?" деп суроо салды.
Бишкекте кыргызстандык, казакстандык, орусиялык жана франциялык отузга жакын сүрөтчүнүн башын бириктирген "Кызыл таблетка" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Майа Абдылдаева кабарлады. Көргөзмөдө сүрөтчүлөр жана искусство адамдары ар кандай инсталляцияларды, сүрөттөрдү, фото жана видео чыгармаларды сунуш кылат. Алардын баарын "Мен киммин?" жана "Мен ким эмесмин?" деген идея бириктирет. - "Кызыл таблетка" деген сөз айкашы белгилүү "Матрица" кинотасмасынын метафорасынан алынган. Читать дальше...
Бишкектеги Улуттук тарых музейиндеги мумиянын Баткенге көмүлүшү боюнча президенттик аппараттын кабары болгон эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева билдирди. Анын айтымында, мумиянын көмүлгөнү тууралуу өзү да Интернеттен гана кабардар болгон. - Мен тарыхчы катары ичим күйөт. Башка өлкөлөрдө музейлерде мындай экспонаттар турса көкөлөтүп, сакташмак. Биздики болсо ушинтип салышты. Бизге бул боюнча маалымат жеткен эмес. Читать дальше...
Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (TIKA) Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинин сырткы тарабын кайрадан оңдоп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда музейге суу агып, түрк тарап аны оңдоого кайрадан конкурс жарыялады. Буга байланыштуу Карыбаева музейдин расмий ачылышы качан болору белгисиз экенин кошумчалады. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы... Читать дальше...
Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинин сырткы тарабын кайрадан оңдоп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда музейге суу агып, түрк тарап аны оңдоого кайрадан конкурс жарыялады. Буга байланыштуу Карыбаева музейдин расмий ачылышы качан болору белгисиз экенин кошумчалады. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы... Читать дальше...
15-июнь Орозо айт деп белгиленгендиктен кыргызстандыктар бул күнү эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын Орозо айт майрамы жумуш эмес, майрам күнү болуп саналат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда Орозо айт майрамын 15-июнда белгилөө тууралуу чечим кабыл алынганын айткан. (КЕ)
11-15-июнда нөшөрлүү жаан-чачынга айрым райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 12-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32; Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19... Читать дальше...
“Талибандын” согушкерлеринин акыркы кол салуусунан ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 20дай кызматкери мерт болду. Ооганстандын президенти убактылуу от атышпоо тууралуу жарыялаганына карабай, “Талибандын” чабуулдары азырынча токтой элек. Кытайда 10-июнда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде да Ооганстандагы кырдаал, тынчтык орнотуу маселеси башкы темалардын бири болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейине зыярат кылып, анын жакындары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, анда президент Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстандын тарыхындагы орду өзгөчө экенин, ал ар дайым өз өлкөсүнө жана элине кызмат кылганын белгиледи. Ошондой эле ал үй-музейдеги эскерүү китебине жазуу калтырды. 10-июнда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөнүнө 10 жыл толду. Быйыл жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө боюнча атайын жарлык чыгып... Читать дальше...
Вильнюста Орусиянын элчилигинин имаратынын маңдайындагы аянтчага Борис Немцовдун аты берилип, Москвада киши колдуу болгон оппозициялык лидердин аты-жөнү жазылган такта орнотулду. Тиешелүү чечимди Литванын баш калаасынын жетекчилиги 23-майда чыгарган. Салтанаттуу иш-чарага Вильнустун тургундары жана "Христиан демократтар" партиясынын мүчөлөрү катышты. Орусиянын Литвадагы элчиси Александр Удальцов шаар бийлигинин чечимин «туура эмес» деп баалады. Элчи мындай чечим Литванын ички иши экенин моюнга алып... Читать дальше...
Учурда Түркиянын жогорку окуу жайларында эки миңден ашуун кыргызстандык студент билим алат.
“Норманд төрттүгүнө” кирген Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери бүгүн Берлинде жолугушуп, Украинанын чыгышындагы жаңжал жүрүп жаткан аймакка Улуттар Уюмунун тынчтык сактоочу күчтөрүн жайгаштыруу боюнча маселени талкуулашат. Бардык тараптар Украинанын чыгышына эл аралык тынчтык сактоо күчтөрүн жайгаштырууга каршы эмес, бирок миссиянын мандаты тууралуу пикир келишпестик бар. Германия менен Франция Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын баарына... Читать дальше...
"Эже-сиңдилер" берүүсүнүн коноктору уурдалган кыздын милиция бөлүмүндө каза болгон окуясынан улам Кыргызстанда кыздардын өз эрки жана тандоосу менен турмуш курууга бөгөт болгон жагдайларды талдашты. Баарлашууга "Демилгелүү ишкер аялдар" уюмунун жетекчиси Авазкан Оморова, юрист Атыр Абдрахматова жана активист Улан Үсөйүн катышты.
Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун Түркияга чыгып кеткени аныкталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. Ал Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыкканын, бирок өлкөдөн чыгыш үчүн уруксат албаганын билдирди. Буга чейин ИИМ Данияр Абдыкаровдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирген болчу. Маалыматка ылайык, Абдыкаров өлкөдөн сыртка чыгыш үчүн министрдин уруксатын алышы керек болчу. Генерал Данияр Абдыкаров - ички... Читать дальше...
Германиянын канцлери Ангела Меркел АКШнын президенти Дональд Трамптын “Чоң жетинин” жыйынтыктоочу коммюникесине кол койбогону “капа кыларын” билдирди. Меркел мындай оюн жекшембиде ARD телеканалында сүйлөп жатып айтты. Канцлердин пикиринде, анын коммюникеге кол койбоо тууралуу чечимин "Твиттер" аркылуу билдиргени “көңүл иренжитет”. Немис канцлери Берлин документти “колдоорун жана эми ал кабыл алынып, мыйзамдык күчкө ээ экенин” белгиледи. Ал эми Трамптын чечими “кырдаалды татаалдаштырганы менен Түндүк... Читать дальше...
Сингапурда АКШ менен Түндүк Кореянын тарыхтагы биринчи саммитине акыркы даярдыктар көрүлүп жатат. Дүйшөмбүдө эки өлкөнүн делегациялары жолугуп, 12-июнга белгиленген саммиттин чоо-жайын талкуулашты.
Кувейтке жумушка орноштуруу жөнүндө убадага алданып барып алып, кыйын кырдаалда калган үч кыргызстандык жаран Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, алар Бишкектеги жумушка орноштуруу боюнча ортомчу агенттиктер менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кувейтке барышкан. Бирок ал жакта сүйлөшүлгөндөй иш жана шарт болгон эмес. Ошондон кийин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык миграция уюму менен чогуу иш алып барып, алданган жарандар 9-июнда Бишкекке учуп келишти. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости