Бишкекте бүгүн илимдин келечеги талкууланат
![Бишкекте бүгүн илимдин келечеги талкууланат](https://gdb.rferl.org/A34BD293-C119-4A96-BE18-886DED0D9065_w800_h450.jpg)
Кыргыз Улуттук илимдер академиясындагы бүгүнкү илимий жыйын “Заманбап илим: көйгөйлөрү жана келечеги” деп аталат.
Академиянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ата мекендик илимдин орду, Кыргызстандын интеллектуалдык, социалдык-экономикалык потенциалы, улуттук коопсуздукту камсыздоо маселелери ортого салынат.
Маалыматка караганда, учурда илим тармагында изилдөөлөр менен эмгектер каржыланбай турат. Илимге жаш кадрларды тартуу, илимий изилдөөчүлөрдүн азайышы, ЖОЖдордун илимий активдүүлүгүнүн төмөндөшү, коомдогу илим-билимдин кадыр-баркынын түшүп кеткени да орчундуу маселелердин бири.
Илимпоздор, ЖОЖдордун жетекчилери жана окутуучулары, коомдук ишмерлер чакырылган жыйында бул көйгөйлөрдүн себептери, андан чыгуу жолдору талкууланат. (NT)