Гватемала: Жанар тоо атылгандан кийин каза тапкандардын саны 65ке жетти
Борбордук Америкадагы Гватемала мамлекетинде Фуэго жанар тоосунун атылгандан улам каза тапкандардын саны 65ке жетти. Бул тууралуу дүйшөмбүнүн кечинде "Пренса Либре" гезити өз сайтында Табият кырсыктарынын кесепеттери менен күрөшүү улуттук борборунун маалыматына таянып жазып чыкканын "Итар-Тасс" агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, куткаруу-издөө иштеринде курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Жанар тоонун атылганы 1 миллион 700 миңдей кишиге таасир этти. Келтирилген материалдык чыгым азырынча жарыялана элек. Ондогон кишинин өлүмүнө байланыштуу Гватемалада үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды.
Буга чейин Би-Би-Си жанар тоо атылганда 300дөй киши жараат алганын, аймактан 2000дей киши көчүрүлгөнүн маалымдаган. Жергиликтүү бийлик жанар тоо азыр да атылып жатканын айткан. Гватемаланын Жанар тоо таануу, сейсмология жана метеорология боюнча улуттук институтунун кабарына караганда, жанар тоо деңиз деңгээлинен 10 миң метр бийиктикке чейин күлүн чачып жатат. Фуэго жанар тоосу өлкө борборунан 40 чакырым аралыкта жайгашкан. Азыркы жанар тоонун атылышы 1974-жылдан бери эң кубаттуусу катары бааланууда.