Эмчек рагын дарылоодогу жаңы ачылыш
![Эмчек рагын дарылоодогу жаңы ачылыш](https://gdb.rferl.org/19CAA34C-AAED-45C4-80A0-36DA8CA381C2_cx0_cy1_cw0_w800_h450.jpg)
Америкалык илимпоздор эмчек рагынын биринчи баскычы менен жабыркаган аялдардын 70% залалдуу шишикти алдыргандан кийин химиотерапия жасатпай эле койсо болорун айтып чыгышты. Алар мындай жыйынтыкка узакка созулган атайын иликтөөдөн кийин гана келишти. Медиктер химиотерапиянын ордуна гормоналдык терапия эле жетиштүү деп эсептешет.