Кубанычбек Кулматов кайрадан УКМКга суракка чакыртылды
Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов кайрадан Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды.
Сурак саат 15:00дө башталганын «Азаттык» радиосуна КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.
18-майда Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган, кийин үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. Бир нече УКМКга сурак берип чыккан.
Тергөө маалыматтарына караганда, ал 2014-жылы калаанын башчысы болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экени айтылууда.
Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин билдирген. (RK)