Баткенде УКМК өкүлү кылмышка шектелүүдө
![Баткенде УКМК өкүлү кылмышка шектелүүдө](https://gdb.rferl.org/03A0B36A-938A-4100-BB4A-B0E5D719A22D_w800_h450.jpg)
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренесинин негизинде иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Ал кызматкер адвокатты мыйзамсыз кармаган деп айыпталууда.
Көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, жергиликтүү тургун Кызыл-Кыя шаардык милициясынын тергөөчүсү адвокат аркылуу 30 миң сом талап кылып жатканын айтып атайын кызматка арызданган. Буга байланыштуу “Пара талап кылуу” беренеси менен иш козголгон. Андан кийин тергөө бөлүмүнүн башчысы ошол адвокатты камакка алдырган. Бирок, Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, мыйзам боюнча адвокатка карата иш козгоого башкы прокурор же анын орун басары гана укуктуу.
Атайын кызматтын өкүлүнө карата кылмыш ишин Аскер прокуратурасы тергемей болду.
Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын иши сынга алынган. (RK)