Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов июндун аягына чейин камалды
Бажы кызматынын мурдагы төрагасы жана Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн кабыл алды.
Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев соттун чечими мурдагы мэрдин Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам чыкканын билдирди. Сот имаратынан чыгып баратып Кулматов ошол жердеги журналисттерге "сот эмей эле, опузалоо (судилище) болду" деп айтты.
Кулматов бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрадан суракка чакырылган. 3 жарым сааттан кийин сурактан чыгып, Биринчи май райондук сотуна жеткирилген. Кулматовго 18-майда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган, үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. Ал буга чейин да УКМКга бир нече жолу суракка чакырылган.
Тергөө Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган.
Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин маалымдаган. (NT)