НАТО Орусиядан туулган коркунучтардан коргонуу ниетин билдирди
"Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлагандай, НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери 7-июнда Брюсселдеги жыйында кризис учурларында альянстын Европадагы аскердик иш-аракеттеринин жаңы пландарын макулдашты.
Ал планда бир ай ичинде кошумча аскердик техникалар менен күчтөрдү жайгаштыруу маселеси камтылган. 2020-жылы ишке ашаары айтылган бул план тууралуу мындан башка кеңири маалымат берилген жок.
НАТО Орусиянын аскердик-деңиз күчтөрүнүн активдүүлүгү байкалган Жер Ортолук деңизинде аскерлерин күчтөндүрүшү мүмкүн. Мындан тышкары 1200 кишиден турган бөлүк түзүлүп, алар НАТОнун жаңы аймактык башкармалыктарына баш ийээри күтүлүп жатат. АКШнын Виржиния штаты менен Германиянын Ульма аймагында жайгашкан бул борборлорго Европада кандай конфликт чыкпасын логистиканы камсыздоо милдети жүктөлгөн.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг саммитте уюмдун ич ара биримдиги тууралуу да сөз болгонун айтты:
- Көп министрлер НАТОнун ынтымагынын маанисин белгилешти. Өзгөчө Орусия бизди бөлгөнгө аракеттенип жатканда биз бирдиктүү болушубуз керектигин айтышты.
НАТОго мүчө мамлекет башчылардын коргоо министрлеринин жыйыны уюмдун лидерлеринин саммитине беш жума калганда өттү. Алдыдагы саммитке АКШ президенти Дональд Трамп да катышаары айтылган.