Депутат Рыскелди Момбековдун агасы каза болду
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун агасы Дөөлөткелди Момбеков каза болду. Маалыматка караганда, 51 жаштагы Момбеков узакка созулган оорудан улам дүйнө салган. Ал 9-июнда Кара-буура районун Шекер айылында жерге берилет.