Марста жашоонун белгиси табылды
АКШнын НАСА агенттигинин окумуштуулары Марста метандын жаңы органикалык молекуларын ачышканын билдиришти. "Рейтер" агенттиги маалымдагандай, метан планетада жашоо бар экендигинин белгиси болушу мүмкүн.
Жерде ал газдын көп бөлүгүн микроорганизмдер бөлүп чыгарышат. Ачылыш "Curiosity" деген жабдуунун жардамы менен жасалды. Машина 5 жыл Марсты кыдырып, атмосферанын курамын талдаган. Натыйжада метандын деңгээли жыл мезгилине жараша өзгөрөөрү байкалган: жайында өсүп, кышында азаят экен. Метан соолуп калган көлдүн түбүндө табылган. Окумуштуулар газ планетанын кыртышындагы төмөнкү катмарда микроб же башка геотермалдык процесстердин жыйынтыгында пайда болоорун боолголошот. Бирок башка изилдөөчүлөр метан ал жакка Жер планетасынан барган деп эсептешет.