Сириядагы кыштакка орусиялык учактар сокку урду деп шектелүүдө
Сирияда козголоңчулардын колундагы аймакка урулган соккудан түн ичинде бери дегенде 38 киши набыт болду. "Сирия обсерваториясы" уюму "Идлиб чөлкөмүндөгү Зардана айылын орусиялык учактар бомбалаган" деп ырастоодо. Өлгөндөрдүн арасында 5 жеткинчек бар.
Укук коргоо уюмунун жетекчиси Рами Абдулрахмандын айтымында, марттын этегинен бери бир эле чабуулдан ушунча көп киши өлө элек болчу. "Курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн, жарадар болгон 50 кишинин айрымдарынын абалы өтө оор", деп кошумчалады укук коргоочу.
Идлиб - президент Башар Асадга каршылык көргөзүп келаткан күчтөрдүн акыркы чоң таянычы. Орусия Сириядагы операцияларга 2015-жылдын сентябрында катыша баштаган. Анын жардамы менен 7 жылдан бери токтобой жаткан жарандык согушта өкмөттүк күчтөр улам бир аймакты козголоңчулардан кайтарып келатышат. Москва менен катар Асад режимин Иран да колдоп келатат.