Сания Шакирова каза болгон кырсык боюнча маалыматты милиция четке какты
“Дүйнө сулуу айымы” конкурсунун байге ээси Сания Шакированын өлүмүнө "милиция кызматкери күнөөлүү" деген маалыматты Ысык-Көл милициясы четке какты. Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча кырсыкка кабылган унаанын рулун башкарып бараткан айдоочу милиция кызматкери болгон эмес.
- "Унааны айдап бараткан 31 жаштагы жаран милиция кызматкери" деген божомолдор айтылууда. Бул божомолду биз расмий түрдө четке кагабыз. Ал милиция кызматкери эмес. Анын тек-жайын аныктап, сурамжылоо жүргүзгөндө ал убактылуу эч жерде иштебегенин билдирген. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иши уланып жатат, - деди Усубакунов.
2-июнда болгон жол кырсыгы “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" конкурсунун байге ээси Сания Шакирова каза таап, айдоочуну кошкондо эки адам жабыркаган. Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында болгон. Сания Шакирова жана анын болочок жолдошу түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай калып, жолдун четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн.
Буга чейин кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу мас абалында болгонун милиция билдирген эле. (AsM)