"Чоң жетинин" саммити жана соода талашы
"Чоң жети" тобуна кирген мамлекеттердин лидерлери бүгүн-эртең Канадада саммитке чогулууда. Жыл сайын болуучу жогорку жыйын быйыл соода талаштарынын шартында өткөнү турат. Кошмо Штаттар айдын башында өзүнүн саясий жана соода өнөктөрүнүн болоту менен алюминийине каршы жаңы бажы салыгын киргизип, экинчи тарап да жооп чарага барарын жарыялаган. Мындан улам өнөктөштөр ортосунда соода согушу чыкпайбы деген кооптонуулар да пайда болгон.