Кылмыштардын бирдиктүү реестри иштей баштайт
![Кылмыштардын бирдиктүү реестри иштей баштайт](https://gdb.rferl.org/9A98C425-6309-49CA-B4DF-93798EDD9C88_cx0_cy20_cw0_w800_h450.jpg)
Кылмыштардын бирдиктүү реестри быйыл жылдын этегине чейин ишке кирет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кылмыштардын бирдиктүү реестри жана электрондук китепти иштеп чыгуу боюнча өкмөттө жыйын өтүп, атайын жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул иштерди Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Натыйжада быйылкы жылдын 1-октябрына чейин кылмыштарды каттоого алган электрондук китепти, ал эми 20-декабрга чейин бирдиктүү реестрди ишке киргизүү тапшырмасы берилди.
Буга чейин кыйноолорду жана милициядагы мыйзамсыз иштердин алдын алуу боюнча бирдиктүү реестри түзүү жана электрондук китепченин иштеп чыгуу зарылдыгы айтылган. (BkA)