Абдыгулов: “Росинбанкта” мыйзам бузуу буга чейин аныкталган
![Абдыгулов: “Росинбанкта” мыйзам бузуу буга чейин аныкталган](https://gdb.rferl.org/3F2D61BA-78E5-4E51-A633-6D33885BCF2E_cx22_cy0_cw55_w800_h450.jpg)
Улуттук банк “Росинбанктагы” мыйзам бузуу фактыларын 2014-2015-жылдары аныктаган. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында “Росинбанктагы” мыйзам бузууга байланыштуу 6 миллион сом айыппул салынып, жетекчиликти иштен четтетүү талабы коюлган. Абдыгулов бул талаптар аткарылганын кошумчалады.
Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) “Росинбанкта” мыйзамсыз акчаны адалдаштыруу боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Андрей Гойхман камакка алынган эле.
Маалыматка караганда, “Росинбанк” ачык акционердик коому жасалма документтер менен Орусиянын аймагында катталган жана Сейшель аралдарында катталган фирмаларга эсепти 2014-жылы ачкан. Ошондон бери бул компанияларга “Росинбанк” 3 млрд. рублдан ашык (3 млрд. сомдон ашык) акча жөнөткөн. (BkA/EBM)