Улуттук банктын резервинде 6,9 тонна алтын бар
Улуттук банктын алтын-валюта резервинде 6,9 тонна алтын сакталып турат. Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин бюджет боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, алтын резервине Кыргызстандан өндүрүлгөн алтын сатып алынат.
Абдыгулов 2015-жылы төрт тоннадан ашык алтын болсо, акыркы эки жылда резервдеги алтындын көлөмү көбөйгөнүн маалымдады.
Ошондой эле Абдыгулов банк былтыр каржылык интервенциялардын эсебинен 2 миллиард сом киреше тапканын кошумчалады. (BkA)