Ооганстанда талибдердин колунан 20дан ашуун киши мерт болду
![Ооганстанда талибдердин колунан 20дан ашуун киши мерт болду](https://gdb.rferl.org/036250B5-5204-44D5-B72A-63349002ACE3_w800_h450.jpg)
11-июнда эртең менен Кундуз провинциясында “Талибандын” жоочулары көзөмөл бекетине кол салганда ооган коопсуздук күчтөрүнүн 15 кызматкери каза тапты. Бул тууралуу провинциянын жетекчилиги маалымдады.
Жергиликтүү кеңештин мүчөсү Аминулла Аяддин аскерлер ооз ачууга отурган маалда чабуул коюлганын билдирди. Анда 10 жоокер жана беш полиция кызматкери өлтүрүлгөн.
Ал ортодо Нангархар провинциясынын борборунда да дүйшөмбүнүн таңында кол салуу болуп, жабыр тарткандар канча экени айтыла элек. Чабуул койгондор Желалабаддын Билим берүү департаментин бутага алганы айтылды.
Чыгыштагы Ганзи провинциясында жол боюна коюлган бомба жарылып, сегиз киши өлгөнүн жергиликтүү бийлик маалымдады. Алардын арасында балдар да болгону кабарланды. Ошондой эле талибдерден дагы 10 киши өлтүрүлгөнү айтылды.