Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет
![Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет](https://gdb.rferl.org/8597E6D1-BD32-4002-A222-3407E633EF26_w800_h450.jpg)
“Кыргыз темир жолу” мекемеси кабарлагандай, Боом капчыгайында 11-июндан 15-июнга чейин атайылап таш кулатылат. Түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында ушул күндөрү 9:00дөн 15:00гө чейин жол маал-маалы менен жабылат.
Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Ал эми Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт. (КЕ)