Шыкмаматовдун адвокаты ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүндү
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши бүгүн Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.
Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова тергөөдөгү мыйзамсыз жагдайларды ондоо талабы менен ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен сотко кайрылды. Анын белгилешинче, тергөө маалында бир эле иш боюнча үч башка чечим кабыл алышкан. Биринчисинде Шыкмаматовдун аракетинде кылмыш фактысы жок деген токтом кабыл алынып, ал токтомду жокко чыгарбай туруп кайра коррупция беренеси менен иш козголгон.
- Бул жагдай тергөөчүлөр тарабынан Конституцияны, эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу болуп саналат. Мындан тышкары мамлекетке келтирилген чыгымды тергөө аныктай алган эмес, демек чыгым болбосо кылмыш жосуну да болбойт деген мыйзам талабы эске алынган эмес.
Алмамбет Шыкмаматов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталып жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, аны 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.
Эл өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге кылмыш иши козголгон. (КЕ/BkA)