Абактагы ачкачылык акциясы токтотулду
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы №27 абакта ачкачылык кармап отургандардын баары акцияны токтотконун кабарлады. 8-июнда ачкачылык жарыялаган ондогон адам тамак жей баштаганын мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 11-июнда кечинде "Азаттык" радиосуна билдирди.
Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакта 54 соттолуучу шартты жакшыртууну талап кылып ачкачылык жарыялаган. Кыйноого каршы улуттук борбордун, Акыйкатчынын өкүлдөрү алар менен жолугуп, акцияны токтотууга чакырышкан.
Ачкачылык кармагандар абакта телефон алып жүрүүгө уруксат берүүнү, айрым кызматкерлерин иштен алууну, тартипти жеңилдетүүнү сурашкан. Алардын талабына кандай жооп берилгени тууралуу азырынча так маалымат жок. (KE\SE)