Абылгазиев: Дотациядагы айылдарга былтыр бешөө кошулду
![Абылгазиев: Дотациядагы айылдарга былтыр бешөө кошулду](https://gdb.rferl.org/B6FA3EC3-320B-4E5C-B8BC-6C24E2A146C7_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда дотациядагы айылдарга быйыл дагы беш айыл кошулду. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетинде өкмөттүн былтыркы иши тууралуу отчет берип жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул тушта 484 айыл өкмөттүн 78и эле эле дотациядан чыккан. Былтыр мурдагы жылга караганда беш айылга көбөйгөн. Абылгазиев өзүн өзү камсыз кылган, таза суу маселесин чечкен, үлгү боло турган айыл өкмөттөр жок болуп жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда жети облус, 40 район, 484 айыл өкмөтү бар. Анын 84,3 пайызы (338 айыл өкмөт) дотацияда отурат. 2017-жылы дотацияда отурган аймактарга 2 миллиардга жакын сом берилген. Быйыл да ушунча суммадагы акча каралган. (КЕ/ЕВМ)