Талмадан азап чеккен Айперинин кубанычы
![Талмадан азап чеккен Айперинин кубанычы](https://gdb.rferl.org/2ead6d98-4d9c-4afe-b343-df0f605abd62_tv_w800_h450.jpg)
15 жаштагы Айпери тубаса майып. Талма оорусунан жабыркаган кыздын акыл-эси өспөй калган. Кыргызстанда Айпериге окшогон 71 миңден ашуун акыл оорулуу адам каттоодо турат. Аларды баккан үй- бүлөлөрдүн көбүнүн жашоо-шарты начар. Айрыкча психикалык жактан майып баласын баккан ата-энелердин бирөө сөзсүз иштебейт. Мындай ата-энелерге жана бейтаптарга жардам иретинде 2007-жылдан бери "Менталдык көйгөйү бар жарандарга социалдык жардам" долбоору иштеп, психикалык жактан оорулуу адам жашаган үйдүн шарттарын жакшыртуу ишке ашууда. Бул долбоордун алкагында 124 үй-бүлөгө жашоо-шартын оңдоого жардам берилген.