Иштамбердиде кенге байланыштуу чыр боюнча жолугушуу өтөт
Өкмөт өкүлдөрү Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен бүгүн жолугат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов тийиштүү адистер менен 12-июнда кечке жуук Жалал-Абад облусуна жөнөгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди.
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү 300дөй тургун 12-июнда митингге чыгышкан. Алар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик мүчөлөрү жолугушкан.
Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам эмгектенет.
Жашоочулар кен мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылып жатышат. (SE)