Депутат Акылбек Жамангулов комитет төрагалыгына сунушталды
Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясы депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин Энергетика, өнөр жай жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагалыгына сунуштады.
Бул маалыматты аталган фракциянын өкүлү Таабалды Тиллаев “Азаттык” радиосуна ырастады. Анын айтымында, фракция чечими премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүлдү.
Акылбек Жамангулов Бишкек Жылуулук электр станциясындагы кырсыктын себептерин аныктоо жана аны оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын пайдаланышын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. (КЕ)