Украина БУУ сотуна Орусияга каршы меморандум жөнөттү
![Украина БУУ сотуна Орусияга каршы меморандум жөнөттү](https://gdb.rferl.org/6EF68949-221F-4388-8C2F-5722E51B6F19_w800_h450.jpg)
Украина Орусияга каршы жазылган доо арыздын алкагында БУУнун эл аралык сотуна кеңейтилген меморандум жөнөттү. Буга чейин Киев Москваны терроризмди каржылоого жана расалык басмырлоого айыптаган.
Президент Петро Порошенко меморандумдун берилиши Орусия күнү белгиленген 12-июнга туура келгенин "өтө символикалуу" деп атады. «Меморандумда соттун практикасы үчүн абдан көп далилдер бар», - деп жазды ал "Фейсбук" баракчасына.
Украин тышкы иштер министри Климкин "Твиттер" аркылуу меморандум 29 томдон жана 17,5 миң беттен турарын билдирди.
Украинанын тышкы иштер министринин европалык интеграция маселелери боюнча орун басары Елена Зеркаль Москва соттун юрисдикциясы боюнча каршылыгын билдирет деген божомолун айтты. Анын пикиринде, бул иш Эл аралык соттун юрисдикциясына кирери же кирбесин териштирүү үчүн бир жарым жыл убакыт талап кылынышы мүмкүн.
Быйыл январда жазган доо арызында Киев Орусияны «терроризмге демөөрчү» деп таап, аны Донбасстагы жикчилдерди колдоосун токтууга милдеттендирүүнү талап кылган. Андан тышкары украин тарап Донецк облусунда атып түшүрүлгөн малайзиялык «Боинг» учагы жана Укрина чыгышында жай адамдарды атканы үчүн Орусиядан компенсация төлөтүүнү өтүнгөн.
19-апрелде БУУнун эл аралык соту Орусияны крым татарларынын укуктарын кемсинтүүнү токтотууга жана Крымда украин тилинде билим алууну жеткиликтүү кылууга милдеттендирип, Украинанын талаптарын жарым-жартылай канааттандырган. Анда орус Тышкы иштер министрлиги Эл аралык сот «Крымдын макамы тууралуу» Киевдин билдирүүсүн колдобогонун маанилүү деп эсептей турганын билдирген.