НГ: Дагестанда полиция "экстремисттерди" үйдө отурууга чакырып жатат
![НГ: Дагестанда полиция](https://gdb.rferl.org/87CA9420-C131-43C7-BD97-FDA19D60AFDE_w800_h450.jpg)
Дагестан полициясы экстремизм жана терроризмге айыпталып, мурда соттолгондорду Футбол чемпионаты бүткүчө өлкөдөн чыгарбоо аракетин көрүп жатат. Мындай маалыматты "Новая газета" жазды. Анда тартип сакчылары эл аралап, мурда соттолгон кишилерден мамлекеттен чыкпай туруу боюнча тил кат алып жатканы айтылат.
10-июндан 10-июлга чейин "үйдө эле болуу" тууралуу тилкаттын нускасы Телеграм-каналдардын бирине жарыяланган, бирок булагы көрсөтүлгөн эмес.
Газета андан тышкары, полиция кызматкерлери оозеки түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатканын жазды. Бирок Дагестан Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тилкат тууралуу кабарды төгүнгө чыгарууда.
Орусия президенти Владимир Путин былтыр майда Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү жөнүндө жарлык чыгарган.
Орусияда Дүйнөлүк футбол чемпионаты 14-июнда башталып, бир айга созулат. Таймаштар ар кайсыл шаарда өтөт.