Жакиев: Интеллигенциянын көбү Айтматовду окуган эмес, кинодон көргөн
"Айтматовдун чыгармачылыгы, басып өткөн жолу дагы деле ойдогудай изилдене элек, каармандарынын чыныгы сырлары аягына чейин ачыла элек", - дейт жазуучунун замандашы, Кыргыз эл баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев. Бишкектеги студиябызда Бексултан Жакиев менен Венера Сагындык кызы маектешкен.