Ошто түрдүү дин өкүлдөрү ооз ачарга чогулуп жатышат
![Ошто түрдүү дин өкүлдөрү ооз ачарга чогулуп жатышат](https://gdb.rferl.org/83355746-6ACC-47D9-9177-E93782CE9BB8_cx0_cy32_cw0_w800_h450.jpg)
Ош шаарында орозого байланыштуу түрдүү дин өкүлдөрү он күндөн бери майрамдык дасторконго чогулуп жатышат. Бир канча динди карманган жарандар, ар башка улуттагы кишилер Бабур атындагы өзбек драма театрынын имаратынын алдына кечке жуук ооз ачарга келип, маданий иш-чара өтүүдө.
Чогулгандар алгач ислам дининдеги жөрөлгөлөргө байланыштуу куран окуп, орозо кармагандар ооз ачат. Андан соң классикалык концерт, мода көрсөтүү сыяктуу маданий иш-чараларга кезек берилүүдө. Православ чиркөөсүнүн окуучулары да келип хор ырдап жатышат.
4-июнда башталган иш-чара 14-июнда жыйынтыкталат. Мусулмандардын ыйык орозо айы да ушул күнү соңуна жетип, 15-июнда айт майрамы белгиленет.
Демилге "Умма" журналына, диний ишмер Кадыр Маликовго таандык экенин уюштуруучулардын бири Мукарам Мадаминова "Азаттык" радиосуна билдирди. (SE)